Вице-спикер Алтынай Өмүрбекова өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

06-12-2017 11:20

Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 6-декабрда өтүп жаткан парламент жыйынында өз каалоосу менен вице-спикерлик ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтото турганын жарыя кылды. Жогорку Кеӊеш анын өтүнүчүн канааттандырды.

Алтынай Өмүрбекова буга чейин өз иш-милдетин чоӊ жоопкерчилик менен жогорку деӊгээлде аткарып келгенин белгилеген Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан ыраазычылык билдирип, анын мындан аркы депутаттык ишинде ийгиликтерди каалады.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы