Жогорку Кеӊеш биринчи вице-премьер-министрликке Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин жактырды

06-12-2017 09:51

Жогорку Кеӊеш Премьер-министр тарабынан биринчи вице-премьер-министр кызмат ордуна көрсөтүлгөн Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин жактырды.

Премьер-министр Сапар Исаков сунушталган талапкер бул кызматка дайындалып калса, отун-энергетикалык комплекси жаатындагы маселелерди тескей турганын, ал бул маселелерди жакшы билерин, тажырыйбалуу кадрлардын бири экенин белгиледи. «Конституцияга киргизилген жаӊы өзгөртүүлөргө ылайык, биринчи вице-премьер-министрликке дайындалып калса, өзүнүн депутаттык мандатын сактап калат. Тагылган милдетти аркалап кете аларына толук кепилдик бере алам. Мында парламент менен өкмөттүн өз ара байланышы да кыйла чыӊдалат», - деди ал.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Аскарбек Шадиевди аткаруу бийлигиндеги жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады. Ал эми Аскарбек Шадиев чоӊ ишеним көрсөткөнү үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирип, мындан ары да парламент менен биргелешип иш алпарууга убада берди.

Белгилей кетсек, «Бир Бол» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеӊештин депутаттыгына шайланып келген Аскарбек Шадиев ушу тапта Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы болуп саналат.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы