Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин
"Паралимпиадалык спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сунуш кылынган (2015-жылдын 27-октябрындагы №745 токтом) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан экинчи окууда (2016-жылдын 15-сентябрындагы №893-VI токтому) жактырылган "Паралимпиадалык спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети төмөнкүлөрдү белгилейт, Мыйзам долбоору ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу жана Кыргыз Республикасында паралимпиадалык спортту өнүктүрүүгө байланышкан укуктук мамилелерди жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Мыйзам долбоорун үчүнчү окууга даярдоонун жүрүшүндө берененин мазмунун өзгөртпөй турган редакциялык түзөтүү киргизилди.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:
1). "Паралимпиадалык спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын жана ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна үчүнчү окууга киргизилсин (тиркелет);
2). Ушул Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы С.Шер-Ниязга тапшырылсын.
3). Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштардын иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору чакырылсын.
Комитеттин төрагасы Садык-ШЕР–НИЯЗ