Депутат Тынчтык Шайназаров тармактык комитеттер боюнча орун которо турганы белгилүү болду

14-11-2017 11:15

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитети депутат Тынчтык Шайназаровду («Өнүгүү – Прогресс» фракциясы) тармактык комитеттин курамынан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алды.

Комитеттин төрагасы Канат Керезбековдун айтымында, «Өнүгүү – Прогресс» парламенттик фракциясынын депутат Тынчтык Шайназаровду аталган комитеттин курамынан чыгарып, аны Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин курамына киргизүү жөнүндө чечими келип түшкөн.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы