Жогорку Кеӊештин Төрагасы кызматына шайлангандыгына байланыштуу Дастанбек Жумабековдун наамына куттуктоолор келүүдө

13-11-2017 15:33

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахрамандын куттуктоо телеграммасында мындай деп айтылат:

“Түркия калкынын жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы кызматына шайланышыңыз менен куттуктайм.

Сиз төрагалык кылган мезгил аралыгында эки өлкө ортосундагы тарыхый боордоштукту арттырып, кыргыз-түрк кызматташтыгын өнүктүрүү багытындагы парламенттер аралык байланыш тереңдейт деген үмүттөмүн. Ага ылайык, Сиз менен тыгыз иш алып барууга ынтызар экендигимди билдирем. Айрыкча Кыргызстан менен Түркиянын алакасы келечекте да ар тараптуу чыңдаларына чын ниетимден ишенем.  Эки өлкөнүн парламенттери аталган маселе боюнча өз милдеттерин жогорку деңгээлде аткарууда.

Урматтуу Төрага, учурдан пайдаланып Сизге ден-соолук каалайм. Ошондой эле боордош кыргыз элине бакубатчылык жана бардык жакшылыктарды тилейм”

 

Ал эми Түркиянын Премьер-министри Биналы Йылдырымдын куттуктоо телеграммасы төмөндөгүдөй:

“Сизди Жогорку Кеңештин Төрагасы кызматына шайланышыңыз менен куттуктайм.

Өз аймагында өзгөчө өлкө катары таанылган Кыргызстан менен биздин байланыштарыбыз, тарыхый боордоштуктун алкагында негизги мааниге ээ. Сиз аталган кызматты аркалоо аралыгында эки өлкө ортосундагы боордоштук алаканы жана тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз салымыңызды кошоруңузга толук түрдө ишенем.

Урматтуу Төрага, Сизге жана Жогорку Кеңештин бардык мүчөлөрүнө ден-соолук жана бакыт тилейм. Ал эми боордош кыргыз элине бакубатчылык, өнүгүү жана бардык жакшылыктарды каалайм.    

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы