“Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзам долбоору  2016-жылдын 15-июнунан тартып коомдук талкууга коюлат


ДЕМИЛГЕЧИ:  Жогорку Кеңештин депутаты      И.Өмуркулов  

 

Сунуш-пикирлерди төмөнкү телефон аркылуу билдирсеңиз болот 0312 63-92-20

 

Каттоо номери: № 6-15531/ 16   10.06.16

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

                                                                                                        

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2008-ж., № 8, 922-берене):

1) 237 беренедеги “256-1” деген сандар “256-2” деген сандарга өзгөрүлтүсүн;

2) төмөнкүдөй мазмундагы 256-2 берене менен толукталсын:

 «256-2 берене. Ата-мекендик зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөргө товарларды жеткирүү, жумуштарды аткаруу, кызматтардын көргөзүү.

 

Ата-мекендик зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөргө товарларды жеткирген, жумуштарды аткарган, кызматтарды көргөзгөн учурда алтындын жана күмүштүн эритиндисинин наркы КНСтен бошотулат.»;

 

3) 315-беренеде:

а) 1 бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8 пункт менен толукталсын:

«8) ата-мекендик зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөр менен.»;

 

б) төмөнкүдөй мазмундагы 5 бөлүк менен толукталсын:

«5. Юридикалык жана жеке жактар менен алтындын жана күмүштүн куймасынын сырьесу ата-мекендик зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөргө сатылса сатуудан салык төлөөдөн бошотулат.».

 

Статья 2.

1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттүн ичинде өзүнүн ченемдик-укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

Маалымкат- негиздеме

 

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасында  зергердик тармакты өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.

Ата-мекендик жана чет элдик зергерлердин экономикалык тең эмес теңтайлашуусуна өзгөчө көңүл бөлүү жана ички дагы жана сыркы дагы рынокто ата-мекендик зергердик буюмдардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү зарыл. Буга байланыштуу зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөрдү коргоо жана колдоо боюнча иштиктүү чараларды кабыл алуу үчүн салык башкарууну жөнөкөйлөтүү менен зергердик ишканаларды зергердик металлдын наркына КНС жана сатуудан салык төлөөдөн бошотуу сунушталат.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 256-беренесине ылайык алтындын жана күмүштүн эритиндисинин жана аффинирленген алтындын жана күмүштүн берими жана экспорттоосу КНСтен бошотулган болуп эсептелинет. Башкача айтканда, баалуу металлды жеткирип берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык КНСтен бошотулган. Бирок,  зергедик буюмдардын бериминде ата-мекендик өндүрүүчүлөр товардын жалпы наркына КНС төлөшөт, башкача айтканда баалуу металлга дагы, ошондой эле аткарган жумушу үчүн дагы. Ошентип, баалуу металлды берүүдө жеткирип берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен КНСтен бошотулгандыгына карабастан, зергердик буюмдарды өндүрүүчү өзүнүн аткарган жумушу үчүн дагы, баалуу металлдын наркы үчүн дагы КНС төлөөгө аргасыз. 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жогоруда берилген жаңы беренени киргизүү тактоочу мүнөзгө гана ээ. Андыктан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен баалуу металлдарга КНС салынбай тургандыгы белгиленген.

 

Зергердик продукция рыногун глобализация процессинде, өлкөнүн аймагында зергердик ишканаларды бат өнүктүрүү, ошондой эле даяр продукцияны сатуу боюнча масштабдуу аянтчаларды өнүктүрүү  үчүн оптималдуу мүнөздөмөлөргө ээ өлкөлөр бөлүнүп чыкты. Бул өлкөлөрдө өсүүнүн факторлору болуп төмөнкүлөр эсептелинет:

 - жумушчу күчүнүн арзандыгы;

- салык жана бажы тартиптеринин жеңилдетилгендиги;

- керектүү инфраструктуранын болушу жана өнүккөн рынок капиталы.

Индия Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Тайланд Королдугунун, Мексика Кошмо Штаттарынын, Түркия Республикасынын зергерлик тармактарынын калыптануу процессинде экономиканын зергерлик тармагынын өкүлдөрүнө карата атайы салыктык, административтик жана бажы жеңилдиктеринин болушу негизги ролду ойногон.

Мисалы:

1) Индияда төмөнкүдөй салыктык жана бажы жеңилдиктери каралган:

-  Биринчи 5 жылга 100% салыктан бошотуу, андан кийинки 2 жылга 50% салыктан бошотуу;

- негизги каражаттарды, сырьену, кошумча тетиктерди импорттоодо бажы алымдарынан бошотуу;

- ички рынокто негизги каражаттарды, сырьену, кошумча тетиктерди сатып алууда мамлекеттик акциз салыгынан бошотуу;

- Ата-мекендик товарларды сатып алууда жүгүртүүдөн алынган мамлекеттик салыктан бошотуу;

 

2) Таиланд Королдугунда төмөнкүдөй салыктык жана бажы жеңилдиктери каралган:

- өндүрүштүк ишмердикке корпорациялардын кирешесине болгон салыктан 5-8 жылга бошотуу;

- дивиденддердин кирешесинен киреше салыгын төлөөгө 5-8 жылга бошотуу;

- сырьену, жарым жартылай фабрикаттарды, жабдууларды жана шаймандарды, сарпталуучу бөлүктөрдү, натыйжа продукттарды жана товарларды импорт алымдарынан жана КНСтен бошотуу;

- үстүдө көрсөтүлгөн категориядагы товарлады үй чарбаларынан сатып алууда нөлдүк киреше салыгы;

- бардык соода операцияларын кошумча нарк салыгынан бошотуу;

 3) БАЭда алтын буюмдарга кошумча нарк салыгы салынбайт.

 

            Индиянын жана Италиянын зергердик тармактарында алтындын көлөмү көбүрөөк сарпталгандыгын белгилеп кетүү зарыл. Бирок, Индия жылына болгону 3,4 т алтын өндүрөт, ал эми Италия алтынды такыр өндүрбөйт. Ал эми Кыргызстанда такыр башка жагдай: Кыргызстанда жылына 18-22 тонна алтын өндүрүлгөнү менен зергердик тармакта ата-мекендик зергердик өндүрүшчүлөр болгону орточо эсеп менен 50 килограмм гана колдонушат, ал эми калган алтын дүйнөлүк рынокто КНСи жок сатылат. Эгерде, калган алтындын бир бөлүгүнөн гана зергердик буюмдар жасалса, дүйнөлүк рынокто киреше бир кыйла көбүрөөк болмок.

Ошентип, зергердик тармакты мамлекеттик колдоо боюнча дүйнөлүк тажрыйбаны эске алса, чет өлкөдө улуттук өкмөт зергердик ишканаларга бир топ салык жана бажы жеңилдиктерди берүүсүн, административдик тоскоолдолдорду олуттуу төмөндөтүүсүн, өз учурунда зергердик буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө мыйзамдарды трансформациялоосун,ошондой эле өндүрүш инфраструктурасын активдүү түзүп жаткандыгын констатациялоого болот.

Ата-мекендик ишканаларды зергердик продукциянын ички жана сырткы рыногунда теңтайлашууга жөндөмдүү кылуу үчүн ата-мекендик өндүрүшчүлөргө жогоруда берилген мисалдарга окшош колдоо керек.

Өз кезегинде, зергердик ишканаларды баалуу металлдын наркына КНСтен жана сатууга салыктан бошотуу өндүрүштүн өсүшү үчүн жана жумушчу орундарынын болушу жана республикалык бюджетке акчанын түшүшү үчүн экономикалык өбөлгө түзөт.

 

Жогоруда берилгендердин негизинде “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору кароого сунушталат.

 


Депутат И.Омуркулов

 

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА

 

 

Колдонуудагы  редакция

 

Сунушталуучу редакция

 

1.

237-берене. Бошотулган беримдер

Ушул Кодекске ылайык, эгерде ал ушул Кодекстин 238-256-1-беренелеринде аныкталган беримдердин түрлөрүнүн бири болсо, КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.

 

256-2 берене жок

 

 

 

 

 

315-берене. Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотуу

1. Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн төмөнкүдөй товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүүлөр бошотулат:

1) айыл чарбалык өндүрүшчү;

2) айыл чарбалык товардык-сервистик кооператив;

3) Депозиттерди коргоо боюнча агенттик, депозиттерди коргоо фонду, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, эс алуу, бош убакытты өткөрүү жана оюн-зоок чөйрөсүндө жумуштарды аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн акчанын бөлүгүнөн башкалар;

4) кайрымдуулук уюм;

5) I жана II топтогу майыптардын коомдорунун, Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун, жеке ишкерлердин уюмдарынын, алардагы иштегендердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин майыптар, азиздер жана дүлөйлөр түзгөн жана алардын эмгек акылары жалпы эмгек акы фондунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөндө. Ушул коомдордун, уюмдардын жана жеке ишкерлердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

6) мектепке чейинки билим берүү уюмдары (жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн балдар бакчалары);

7) кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелери.

8 пункт жок

2. Сатуудан алынуучу салыктан коммерциялык эмес уюм товарларды сатса, жумуштарды аткарса, кызмат көрсөтсө, төлөм товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү чыгымдарынан ашпаган ушул шарттарда бошотулат:

1) балдарды же улгайган жаштагы жетишсиз жарандарды социалдык камсыздоо үчүн.

2) билим берүү, медицина, илим, маданият жана спорт чөйрөсүндө.

3. Электр энергиясын, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын турмуш-тиричилик максаты үчүн жеке адамга сатуу сатуулардан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат.

4. Банктар тарабынан алтындан жана/же күмүштөн аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды, инвестициялык монеталарды сатуу сатуудан алынуучу салыктан бошотулат.

5 бөлүк жок

 

 

237-берене. Бошотулган беримдер

Ушул Кодекске ылайык, эгерде ал ушул Кодекстин 238-256-2-беренелеринде аныкталган беримдердин түрлөрүнүн бири болсо, КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.

 

256-2 берене. Ата-мекендик зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөргө товарларды жеткирүү, жумуштарды аткаруу, кызматтардын көргөзүү.

Ата-мекендик зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөргө товарларды жеткирген, жумуштарды аткарган, кызматтарды көргөзгөн учурда алтындын жана күмүштүн эритиндисинин наркы КНСтен бошотулат.

315-берене. Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотуу

1. Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн төмөнкүдөй товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүүлөр бошотулат:

1) айыл чарбалык өндүрүшчү;

2) айыл чарбалык товардык-сервистик кооператив;

3) Депозиттерди коргоо боюнча агенттик, депозиттерди коргоо фонду, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, эс алуу, бош убакытты өткөрүү жана оюн-зоок чөйрөсүндө жумуштарды аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн акчанын бөлүгүнөн башкалар;

4) кайрымдуулук уюм;

5) I жана II топтогу майыптардын коомдорунун, Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун, жеке ишкерлердин уюмдарынын, алардагы иштегендердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин майыптар, азиздер жана дүлөйлөр түзгөн жана алардын эмгек акылары жалпы эмгек акы фондунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөндө. Ушул коомдордун, уюмдардын жана жеке ишкерлердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

6) мектепке чейинки билим берүү уюмдары (жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн балдар бакчалары);

7) кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелери.

8) ата-мекендик зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөр менен

2. Сатуудан алынуучу салыктан коммерциялык эмес уюм товарларды сатса, жумуштарды аткарса, кызмат көрсөтсө, төлөм товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү чыгымдарынан ашпаган ушул шарттарда бошотулат:

1) балдарды же улгайган жаштагы жетишсиз жарандарды социалдык камсыздоо үчүн.

2) билим берүү, медицина, илим, маданият жана спорт чөйрөсүндө.

3. Электр энергиясын, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын турмуш-тиричилик максаты үчүн жеке адамга сатуу сатуулардан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат.

4. Банктар тарабынан алтындан жана/же күмүштөн аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды, инвестициялык монеталарды сатуу сатуудан алынуучу салыктан бошотулат.

5. Юридикалык жана жеке жактар менен алтындын жана күмүштүн куймасынын сырьесу ата-мекендик зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөргө сатылса сатуудан салык төлөөдөн бошотулат.