Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Швейцариянын Улуттук Кеңешинин Төрайымы Криста Марквальдер менен жолугушту


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Швейцария Федералдык Жыйынынын Улуттук КеңешининТөрайымы Криста Марквальдер менен жолугушту.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Швейцария Өкмөтү Кыргызстандын экономикалык өнүгүшүнө жана парламенттик демократиянын бекемделишине көмөк көрсөтүп, ошондой эле эл аралык каржы институттарында Кыргызстандын кызыкчылыгын колдоп келе жаткандыгын белгиледи. Төрага Кыргызстан аймактагы парламенттик башкаруу формасындагы жападан жалгыз өлкө катары келечекте чыныгы демократиялык коомду өнүктүрүүдө белгилүү бир кыйынчылыктарды баштан кечирип жатканына токтолду. “Бул өңүттөн алганда, биз келчекте Швейцария тараптын жардамы менен колдоосун күтүп жатабыз. Маселен, алдыдагы президенттик шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында техникалык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүнөбүз”,- дейт ал.

Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин Төрагасы маектешине эки парламенттин тармактык комитеттеринин ортосундагы эки тараптуу иш сапарларды жандандыруу зарылдыгын айтып, ошондой эле Швейцария парламентинде Кыргызстан менен депутаттык достук тобун түзүүнү сунуш кылды.

Швейцария тарап мындай соболго жооп иретинде депутаттык достук тобун түзүү чечими кабыл алынгандыгын жана ал топтун жетекчиси Вале кантонунан Швейцария парламентинин депутаты Филлип Нантермод боло тургандыгын маалымдады.

Швейцария Федералдык Жыйынынын Улуттук Кеңешинин Төрайымы Криста Марквальдер депутаттык достук тобун түзүү тарыхый окуя болуп кала тургандыгын, ал эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө салым кошорун билдирди.

Криста Марквальдер Кыргызстан өлкөдө парламенттик демократия куруу жаатында жигердүү иштерди жүргүзүп жаткандыгын белгиледи. Экономикалык кызматташуу жаатына токтолгон Швейцария Федералдык жыйынынын Улуттук Кеңешинин Төрайымы швейцария тараптын бул багытты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Эске салсак, Төрага Чыныбай Турсунбеков башында турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Швейцариянын Улуттук Кеңешинин Төрайымы Криста Марквальдердин чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 6-9-июнь күндөрүндө Швейцария Конфедерациясында расмий иш сапары менен жүрөт. Ал эми Венгриянын Улуттук Жыйынынын Төрагасы Ласло Кёвердин чакыруусу боюнча 9-11-июнь күндөрүндө Венргияга расмий иш сапары менен барат.

Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Аскарбек Шадиев ("Бир Бол” фракциясы), Руслан Казакбаев ("Республика — Ата Журт" фракциясы), Каныбек Иманалиев (“Ата Мекен” фракциясы), Тынчтык Шайназаров (“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы), Искендер Матраимов (КСДП фракциясы) жана Алмазбек Баатырбеков ("Кыргызстан" фракциясы) бар.