Каныбек Иманалиев:"Кыргызстандын алтыны – “Кумтөр” эмес, эмгек мигранттары!"

09-11-2017 15:54

Орус жергесинде мигрант катары иштеп жүргөн жарандарыбыздын пенсияга чыгуу курагына келип калгандары бир топ тоскоолдуктарга учурап жатышыптыр. Мисалы, пенсия алуу үчүн топтоло турган маалымкаттарды сурап мамлекеттик органдарга кайрылышса, ыкчам жооп ала алышпай, 3-6 айлап, ал тургай бир жылга чейин күткөн учурлар бар. Жөлөкпул алууга керектүү кагаздарды топтоодо деле ушундай эле көрүнүш,- дешет алыста жүргөн мекендештер ЖК депутаттары менен болгон жолугушууда. Бул тууралуу маалыматтар менен тааныштырып, депутат Каныбек Иманалиев бүгүн, 9-ноябрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду. 

Ошондой эле мигранттардын бул жакта калган балдары өз ата-энелери жанында жок, - деген шылтоо менен убагында паспорт алуу ишинде да тоскоолдуктарга кабылышат экен. Ал гана эмес, Россиядагы мекендештердин балдары орус жергесиндеги талап боюнча мектептерди бирдиктүү мамлекеттик экзамен тапшырып аякташат. Бирок, анын жыйынтыгы Кыргызстандагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы катары таанылбагандыктан, жогорку окуу жайларына тапшырууда да чаташуулар орун алып жатыптыр. Ушул жагы жолго коюлса деген өтүнүчтөр айтылды. Бул маселени чечүү жагын биз өкмөткө тапшырма катары табыштайбыз,- дейт К.Иманалиев.

Кыргыз-орус фонду тууралуу орус жергесиндеги мигранттарыбыздын кабары жок экен. Анын кызматынан жергиликтүү атуулдарыбыз гана эмес, сыртта жүргөн мигранттарыбыз дагы пайдаланышы керек,- деп кошумчалады депутат.

“Кумтөрдөн” алдык деген 7 млдр. долларлык кирешелердин артында канчалаган талашып-тартышуулар бар. Ал эми эмгек мигранттарынын жылыга которуп жаткан 3 млрд. доллары 20 жылда эле 60 млрд. долларды түзүп жатпайбы?! Демек, Кыргызстандын алтыны – “Кумтөр” эмес, эмгек мигранттары,- деди К.Иманалиев. 

Радиоуктурууга катышкан депутат Жанар Акаев болсо, - элчиликтерде, консулдуктарда укуктук жактан кеп-кеңеш бере турган юрист адистер жектиштүү болсо деген мигранттардын суранычтарына токтолду. Ошондой эле ал,- “Жалпы эмгек мигранттардын жашоо-турмушун чагылдырган телепрограммалардын болушу кажет”,- дейт. 

Кыргыз миграттары баштагыдай болуп, көчө тазалоо, курулуш сыяктуу оор жумуштарда эмес, акыл эмгеги менен ийгиликти багыткан жакшы кызматтарда да иштеп жаткандыгы бизди кубантты,- дейт Ж.Акаев. Ошондой эле эл өкүлү,- “Инвестиция кылуу жагынан да кыргыз мигранттардын көз карашы улам заманбап калыптанып жаткандыгы да сүйүнттү”,- деди.

Жакында депутаттар Каныбек Иманалиев, Аида Касымалиева жана Жанарбек Акаев Орусиядагы эмгектенип жүргөн мекендештерибиз менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угуп келишкен.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы