2022-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети «Э.Гареев атындагы Ботаникалык бак илимий-изилдөө институтун сактоо жана өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу» маселе каралды.
Маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, Ж.Б. Абиров, М.А. Маматалиев, А.А. Козуев, С.А. Атамбаев, С.А. Айжигитов, Ж.К. Акаев тарабынан киргизилген.Комитеттин жүрүшүндө депутат Д.Д.Бекешев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Э.Гареев атындагы Ботаникалык бак илимий-изилдөө институтун Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө маселени кароону пландаштырып жатканын, ошондой эле аны мезгилдүү кем финансылоого байланыштуу анда түзүлгөн кырдаалды белгилеген. Ошондой эле жаз-күз мезгилдеринин келиши менен Ботаникалык бакчанын аймагында өрт көбөйөт, тоноолор, өспүрүмдөрдүн массалык мушташуулары, уурдоолор, кишини өлүмүнө алып келген учурлар белгиленет. Илимий мекеменин айлык акысы 6198 сомду түзгөн кароолчуларынын штаты коопсуздукту камсыз кыла албайт жана бүткүл аймакта байкоону жүргүзө албайт. Ботаникалык бакчанын алдына коюлган милдеттерди аткаруу үчүн толук финансылоо, илимий кызматкерлердин, техникалык жана тейлөөчү персоналдын эмгек акысын жогорулатуу менен алардын саны көбөйтүү зарыл. Ошондой эле айыл чарбалык атайын техниканы сатып алуу, бакчанын аймагынын ирригациялык тармагын реконструкциялоону финансылоо, оранжереянын, административдик жана лабораториялык корпустардын жылытуу системасын баштан-аяк оңдоо, оранжереянын жаңы теплица комплексин куруу, Ботаникалык бакчанын аймагына акы төлөп кирүүнү уюштуруу боюнча жана башка көптөгөн маселелер чечилбеген бойдон калууда.
Талкуулоонун жыйынтыгында «Э.Гареев атындагы Ботаникалык бак илимий-изилдөө институтун сактоо жана өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү жөнүндө Комитеттин чечими кабыл алынды.