Үлүш жерлерге көп жылдык мөмө-жемиш дарактарын отургузууга уруксаат берилүүдө


Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин бүгүнкү, 14-июндагы жыйынында «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 3-окууда каралды.

Маалыматка ылайык, долбоордо сунушталган түзөтүүлөр аркылуу үлүш жерлерге көп жылдык мөмө-жемиш дарактарын отургузууга уруксаат берилүүдө. Буга мамлекеттик фонддун жерлери кирбейт. Долбоордо топурагынын гумусу начар болгон үлүш жерлерди иштетип, сатууга ыңгайлуу болгон мөмө-жемиш дарактары отургузуу каралган.

Талкуунун жүрүшүндө комитет мүчөлөрү көп жылдык мөмө-жемиш айдоого уруксаат берүү маселесинин күнгөй-тескейин талкуулашты. Мында жердин сапатын Айыл чарба министрлигинин астындагы жер кыртышын изилдөө институту аркылуу аныкталаары белгилүү болду. Депутат Дастан Жумабеков эгер үлүш жерлер болсо, үлүш ээлери өзү каалаган жерлерине каалаганын тиккендей кылып, жалпы эле үлүш жерлерине уруксаат берүү керек деген пикирин ортого салды.

Жыйынтыгында депутат Дастан Жумабековдун өзгөчө пикирин эске алуу менен мыйзам долбоорун жактыруу чечими кабыл алынды.

Жыйын жүрүшүндө каралган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (КР Жер кодексине, «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» мыйзамга) мыйзам долбоору 2-окууда жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталды. Мыйзам долбоор аркылуу сунушталган түзөтүүлөр менен түшүмдүү сортторду көбөйтүү, өстүрүү боюнча жаңы технологияларды иштеп чыгуу жана колдонуу максаты коюлган. Тагыраак айтканда, жер кыртышынын балл бонитети 40 баллга чейин болгон сугат жерлерге күнөскана курууга уруксаат берүү маселеси каралган.

Мыйзам долбоорун кароодо депутаттар күнөсканаларда өстүрүлгөн жер-жемиштердин сапатына (экологиялык жактан тазалыгына) мониторинг жасоо зарылдыгын аткаруу бийлигине сунушташты.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы