Жогорку Кеңеш Төрагасы Ч. Турсунбеков Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча Азия парламентчилери форумунун төрагасы К. Такэмини кабыл алды

20-09-2017 15:33

Бүгүн, 20-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Жапония парламентинин Жогорку Палатасынын депутаты, Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча Азия парламентчилери форумунун төрагасы Кэйзо Такэми менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы көп багыттуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулап, Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча Азия парламентчилери форумунун алкагындагы алакаларды арттыруу тууралуу пикир алышты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков өз сөзүндө эки өлкө ортосундагы дипломатиялык байланыштардын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгын белгилөө маселелерине токтолду. Андан тышкары, Чыныбай Турсунбеков аталган форумдун мүчөсү катары Жогорку Кеӊеш Борбор Азияда алгачкылардан болуп 1997-жылы калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча парламентчилердин улуттук комитетин түзгөндүгүн билдирди. "Бул 20 жыл аралыгында биздин кызматташтыгыбыз жогорку деӊгээлде өнүктү. Жогорку Кеӊештин депутаттары форумдун бардык иш-чараларына жигердүү катышуу аркылуу тажырыйба алуу менен калктын саламаттыгына, билим алуусуна жана демография маселелерине байланышкан мыйзамдарды жакшыртуу демилгесин көтөрүп келет", - деди Чыныбай Турсунбеков.

Ошондой эле, республикадагы бир катар социалдык маселелерди чечүүгө көрсөткөн көмөгү үчүн Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча Азия парламентчилери форумуна ыраазычылык билдирген Жогорку Кеӊеш Төрагасы, Кыргызстан мындан ары да биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Андан тышкары, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык маселелерине да токтолгон Чыныбай Турсунбеков, Кыргызстан эки жактуу алакаларды арттырууга өзгөчө маани берерин билдирди. Айрыкча, демократиялык институттарды чыӊдоо менен парламентаризди өнүктүрүү багытындагы байланыштарды кеӊейтүү керектигин кеп кылган Төрага: "Жапония 2015-жылы 6,1 млн. доллар көлөмүндө техникалык жардам көрсөтсө, быйыл Мамлекеттик каттоо кызматынын техникалык жабдууларын жаӊыртууга 5,6 млн. доллар бөлгөн. Бул өлкөдөгү шайлоо жараяндарын жакшыртууга салым кошот деген ишеничтебиз", - деди.   

Өз кезегинде Кэйзо Такэми Жогорку Кеӊеш Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча Азия парламентчилеринин форумунун жигердүү мүчөсү экендигин билдирди. Ошондой эле, учурдун маанилүү маселелеринин бири болгон жаштарды инвестициялоо темасы талкууланган Борбор Азиялык субрегионалдык конференцияны жогорку деӊгээлде уюштуруп, өткөргөндүгү үчүн кыргыз тарапка ыраазычылыгын айтты. Андан тышкары, форумдун төрагасы Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртуу багытындагы алакаларды арттыруу зарылчылыгын белгилеп: "Азия парламентчилеринин форуму бул жаатта кызматташууга кызыкдар" - деди. 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы