VI чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин III сессиясынын ишин чагылдыруу үчүн журналисттерди аккредиттөө башталды

01-08-2017 14:38

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн аккредиттөө боюнча комиссиясы VI чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин III сессиясынын ишин чагылдыруу үчүн журналисттерди аккредиттөөнү баштады.

Кайрадан аккредиттөө үчүн Басма сөз кызматына арыз менен кайрылып, мурда берилген аккредиттик карточкаларды электрондук чиби менен кошо өткөрүү керек.

Аккредиттөөгө арыз Жогорку Кеңештин Аппаратынын Жетекчисине түп нускасында берилет, ал жетекчинин кол тамгасы коюлган уюмдун расмий бланкасында жол-жоболоштурулат.

Аккредиттөө арызында төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттерин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине аккредиттөө жөнүндө эреже менен www.kenesh.kg сайтынан толук таанышууга болот.   

Урматтуу кесиптештер, документтер 2017-жылдын 20-августуна чейин кабыл алынат.

Маалымат үчүн: 0312 63-92-00 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн аккредиттөө боюнча комиссиясы