Пайдаланылып жаткан энергетикалык ресурстардын көлөмү жөнүндө объективдүү маалымат топтоого багытталган мыйзам долбоору демилгеленди

01-06-2017 17:26

“Энергияны үнөмдөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында каралды.

Жыйында бул маселе боюнча Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев баяндама жасады.

Бүгүнкү күндө экономикада жана өндүрүштүк эмес тармактарда энергия керектөөнүн эффективдүүлүгүн сапаттуу жакшыртууну камсыздоочу прогрессивдүү техниканы, технологияларды жана материалдарды жайылтуу милдеттери коюлууда. Бирок шарттарды түзүү жана заманбап технологияларды жайылтуу үчүн керектөөлөрдү аныктоо максатында дыкаттык менен изилдөө жана талдоо аркылуу конкреттүү максаттарды аныктап алуу зарыл. Мунун бири - энергия пайдалануунун эффективдүүлүгүн аныктоо, энергия үнөмдөө дараметин баалоо, аны ишке ашыруунун майнаптуураак ыкмаларын иштеп чыгуу, отун менен энергияны пайдалануунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча уюштуруучулук, техникалык жана башка чараларды иштеп чыгуу жана негиздөө максатында ишканаларды жана уюмдарды, булардын ичинен имараттарды жана курулмаларды изилдөө болуп саналат.

“Мына ушундай жагдайлардан улам, колдонуудагы “Энергияны үнөмдөө жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү, анын энергетикалык изилдөө бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыгууда”,- дейт Д.Зилалиев. Ал мыйзам долбоору уюмдардын энергетикалык изилдөөсүн уюштуруп, менчигинин формасына карабастан, отун энергетикалык ресурстарды эффективдүү жана рационалдуу пайдалануу боюнча жана технологиялык процессте энергетикалык паспортту тариздерин кошумчалады.

Мында энергетикалык изилдөөнүн негизги максаттары: пайдаланылып жаткан энергетикалык ресурстарынын көлөмү жөнүндөгү объективдүү маалыматтарды топтоо; энергоэффективдүүлүк көрсөткүчтөрүн аныктоо, энергияны үнөмдөөнүн дараметин аныктоо  жана  энергетикалык  эффективдүүлүктү жогорулатуу, энергияны үнөмдөө жана энергетикалык эффективдүүлүк боюнча типтүү жана жалпыга түшүнүктүү иш-чаралардын тизмегин түзүү жана алардын наркын баалоо болуп эсептелет.

Талкууда энергия пайдалануунун эффективдүүлүгүн аныктоо, энергия үнөмдөө дараметин баалоодо иш жүргүзө турган энергетикалык аудиттер эч кимге көз каранды болбошу керектиги айтылды.

Мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы