Жогорку Кеӊештеги “Бир Бол” фракциясынын депутаттары кырсыктан жабыркаган Чоң Алай жана Өзгөн районунун элине 400 миӊ сом каржылык колдоо көрсөтүштү

22-05-2017 09:48

Парламенттеги “Бир Бол” фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңештин Төрагасы менен биргеликте Ош облусуна расмий иш сапар менен барып, жаратылыш кырсыгынан жабыркаган Чоӊ Алай жана Өзгөн районунун тургундары менен жолугушту. 19-20-майдагы бул иш сапардын алкагында депутат Мыктыбек Абдылдаев парламенттеги "Бир Бол" фракциясынын атынан табият кырсыгынан жабыркаган Чоң Алай элине 200000 (эки жүз миң) сом, Өзгөн элине 200000 (эки жүз миң) сом тапшырды.

 

КР Жогорку Кеӊешиндеги "Бир Бол" фракциясынын катчылыгы