Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин
КОРУТУНДУСУ
«Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2016-жылдын 11-февралындагы № 59-токтому) тарабынан демилгеленген жана «Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынганы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 15-сентябрындагы токтомуна ылайык, кайта иштелип чыккан «Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Мыйзамдын долбоору мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюуга багытталганын белгилейт.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесине ылайык жана баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча Комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:
Комитеттин төрагасы Садык ШЕР-НИЯЗ