Тамактык комитет төмөнкүдөй чечти:
1. Жогорку Кеңештин интернет-сайтына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу маселеси боюнча жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн Жогорку Кеңештин имаратына жеке жеткиликтүүлүктү жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д. Бекешевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты Жогорку Кеңештин веб-сайтын көрүүсү бузулган пайдалануучулар үчүн ыңгайлаштырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгы:
- Жогорку Кеңештин имаратына пандустарды, перилаларды, жеткиликтүүлүк элементтерин орнотуу жана туалеттик бөлмөлөрдү кайра жабдууга Жогорку Кеңешке финансы каражаттарын бөлүү жөнүндө “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине сунуш даярдасын;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өткөрмө бюросу үчүн пандустарды орнотуу жөнүндө ага пункт киргизүү максатында Кыргызстан профсоюздар Федерациясы менен ижара келишимин кайра карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүүлүк элементтерин түзүү боюнча белгилөөчү талаптарды курулуш ченемдерин жана эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоорун иштеп чыксын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Жогорку Кеңештин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгы ушул чечимди аткаруу боюнча 2019-жылдын 1-октябрына чейин маалымат берсин.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.