2019-жылдын 19-февралында "Ош областынын жана Ош шаарынын билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу маселеси жөнүндө" комитет көчмө жыйынды өткөрдү

11-03-2019 09:32

 

Тармакттык комитет Ош областынын жана Ош шаарынын билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу маселесин карап, төмөнкүдөй чечти:

1. Ош областынын жана Ош шаарынын билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу маселеси жөнүндө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.С. Өмүрбекованын маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Билим берүү жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын ойдогудай аткарылышын камсыз кылсын жана жалпы билим берүү уюмдарда ысык тамактанууну уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

-жалпы билим берүү уюмдардагы инфратүзүмдүк шарттарды эске алуу менен республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарын ысык тамакка өткөрүү боюнча чараларды көрсүн;

- мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдары үчүүн ашпозчуларды даярдоону жана алардын эмгек акыларын жогорулатууну тутумдаштыруу жана стандартташтыруу боюнча чараларды көрсүн;

-республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында ар түрдүү, сапаттуу жана толук кандуу тамактанууну камсыздоо үчүн мектепке караштуу иштердин өнүгүшүнө көмөктөшүү боюнча чараларды кабыл алсын;

-жалпыга маалымдоо каражаттары менен бирдикте (басмалар жана телекөрсөтүү) Ош областынын жана Ош шаарынын жалпы билим берүү уюмдарында башталгыч класстардын окуучулары үчүн ысык тамак уюштуруунун оң тажрыйбаларын жайылтуу жаатындагы жарыялоолорду жана телерепортаждарды уюштурсун.

4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жыл сайын жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-класстарынын окуучуларынын организмдеринин өсүүсүнө сапаттуу ысык тамактын таасир этиши боюнча мониторинг өткөрсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү бардык жалпы билим берүү уюмдарда толук кандуу жана сапаттуу ысык тамак уюштуруу үчүн инфратүзүмдүк шарттарды түзүү жана жакшыртуу боюнча чараларды көрсүн.

6. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.