Стратегияны ишке ашыруу алкагында парламент жыйындарын онлайн-көрсөтүү максаты коюлду

17-02-2017 17:25

Жогорку Кеӊештин 2021-жылга чейинки Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун усулдары менен жолдорун талкуулоого арналган конференцияда "Электрондук парламент" жана "Онлайн жыйындар" долбоорун ишке ашыруу боюнча белгиленген иш-чаралардын планы тааныштырылды.

Жогорудагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча түзүлгөн жумушчу тобунун жетекчиси Асылбек Кадыров белгилегендей, "Электрондук парламент" Жогорку Кеӊеш менен аткаруучу бийлик органдары жана жарандык коомдук өкүлдөрүнүн ортосундагы маалымат алмашуу аркылуу, өз ара кызматташууга зарыл болгон маалыматтык-коммуникациялык тармакты түзөт.

Ошондой эле, долбоордун алкагында электрондук добуш берүү жана электрондук-санариптик кол коюу ыкмасын колдонуу менен электрондук документ алмашуулар тутумун жаӊылоо, резервдик убакыт-борборун түзүү, парламенттик тармактык комитеттердин жана фракциялардын жыйындарынын күн тартибине  тиешелүү электрондук документтер менен камсыздоо максаттары коюлган.   

Ошондой эле  "Онлайн-жыйындар" долбоору Жогорку Кеӊештеги жалпы жыйынды гана көрсөтпөстөн, комитеттердин , фракциялардын жыйындарын жана парламенттик угууларды түз эфирде расмий www.kenesh.kg веб-порталы аркылуу чагылдырууга шарт түзөрүн айткан А.Кадыров, бул мыйзам долбоорлорун жана коомго маанилүү документтерди талкуулоодо катышуучулардын санын арбытып, парламенттеги ачык-айкындуулукту арттырат.

"Ал эми интернет жана телекөрсөтүү аркылуу онлайн режимде чагылдыруу үчүн адистер жана эксперттер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүп жатабыз. Андан тышкары, жыйындар өткөн залдаррга видеокамераларды орнотуу менен расмий веб-порталга "Онлайн жыйындар" бөлүмүн ачуу да пландалууда" - деди жумушчу тобунун жетекчиси А.Кадыров.

КР ЖК Басма сөз кызматы