2019-жылдын 28-январында «Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө» тамактык комитет Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын контролдоо жана адамдарды сатууга каршы аракеттенүү боюнча маселени карап чыкты

25-02-2019 10:49

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети төмөнкүдөй чечти:

1. «Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын контролдоо жана адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, ошондой эле миграция жана эмгек жаатындагы маселелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Е. Г. Строкованын маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) Мамлекеттик миграция концепциясын иштеп чыгуу учурунда депутаттардын төмөнкү сунуштары эске алынсын:

- миграциялык процесстерди стабилдештирүү максатында улуттук эмгек рыногунун узак мөөнөттүү келечеги үчүн шарттарды түзүү жөнүндөгү;

-  расмий эмес иш менен камсыз кылуу секторун кыскартуу үчүн шарттарды түзү жана сапаттуу жаңы жумушчу орундарын түзүү жөнүндөгү;

- мигранттарды жана алардын үй-бүлөө мүчөлөрүн социалдык жана медициналык жактан камсыздандыруу жөнүндөгү;

- туугандарынын карамагында калган мигранттардын балдарынын абалын жөнүндөгү;

- барган өлкөдө мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн билим алуусуна жана медициналык жактан тейленүүсүнө шарттарды түзүү жөнүндөгү;

- диаспоралар менен иштешүү жөнүндөгү;

региондорду өнүктүрүү үчүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жөнүндөгү;

- чет элдик жумушчу күчтөрүн тартуу жөнүндөгү;

- ички миграция процесстерин жөнгө салуу жөнүндөгү;

- адамдарды сатууга каршы күрөшүү жөнүндөгү.

2) миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарды инвентаризациялап чыксын.

3) эмгек чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жана саясат чараларын төмөнкү маанини эске алуу менен инвентаризация өткөрсүн:

- эмгек мамилелердин өнүгүшүн жана эмгек рыногун анализдөө;

иш менен камсыз кылуу жаатындагы саясатты аныктап жана иш менен камсыз кылуу толук, өндүрүмдүү, эркин болууга шарт түзүү;

- Кыргыз Республикасында эмгек жаатында негизги принциптерди жана укуктарды сактоо;

- социалдык коргоонун минималдуу деӊгээлин камсыз кылуу;

- формалдык экономикада татыктуу жумушчу орундарын түзүү жана ЭЭУ 204 Сунуштарына ылайык формалдык эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүүгө шарт түзүү;

- социалдык диалог жүргүзүүгө шарт түзүү;

- балдар эмгегинин эң начар түрлөрүнө жана мажбурлаган эмгекке жол бербөө.

4) эмгек боюнча атайын ыйгарым укуктуу орган түзүүнү жана анын ыйгарым укуктарын күчөтүү боюнча чара көрсүн;

5) ишке орноштуруу боюнча жеке агентстволордун ишин системалаштырсын;

6) адам сатуунун курмандыктарын аныктоо жана кайра жөнөтүү боюнча механизмдерди бекитүү боюнча токтомду кабыл алуу тездетилсин;

7) миграция боюнча ыйгарым укуктуу органдын статусун жогорулатуу боюнча чара көрсүн;

3. Миграция, адам сатууга каршы күрөшүү, мажбурлаган эмгекти болтурбоо жаатындагы мыйзамдардын  аткарылышын контролдоо жана өркүндөтүү максатында төмөнкүдөй курамдагы жумушчу топ түзүлсүн:

4. Жумушчу топко, зарыл болгон учурда  Кыргыз Республикасынын министрликтеринен, административдик ведомстволорунан, эл аралык жана коомдук уюмдардан адистерди, эксперттерди, ошондой эле көз карандысыз ишке тартууга уруксат берилсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул чечимдин аткарылышы боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине ар бир жарым жылдыкта берип турсун.

6. Жумушчу топ өз иши тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин кароосуна ар бир жарым жылдыкта берип турсун.

7. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.