2019-жылдын 21-январында “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө маселе каралып чыкты

22-01-2019 09:25

 

Депутаттар тарабынан демилгеленген  “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү 2019–жылдын 21–январда  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында каралды. Мыйзам маңызын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттар А. Самигуллина менен Д. Бекешев түшүндүрүп беришти. Баяндалгандарга караганда,  бул мыйзам долбоору Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда кайра квалификациялоодон өткөн сапаттуу дары-дармек препараттарынын, медициналык буюмдар менен жабдуулардын алда канча төмөн баа менен келүүсүн камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Дары-дармек каражаттарын сатып алууга республикалык бюджеттен чыгымдар жыл сайын көбөйүүдө. Бул Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар өндүрүлбөй тургандыгына байланыштуу. Мындай учурда мамлекеттик сатып алуу ишинде ортомчуларды аралаштырбай  бюджеттик ресурстарды натыйжалуу пайдалануу зарылчылыгы келип чыгууда, - дешти демилгечилер.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутат Д. Бекешевдин айтымында, Казакстан менен Өзбекстанда жана жалпы дүйнөнүн 85 мамлекетинде ушундай дары каражаттарын БУУнун уюмдары аркылуу сатып алуу ыкмалары колдонулат.

Бирок талкууда комитет өкүлдөрүнүн бир тобу эл аралык уюмдар аркылуу ишке ашырылган мамлекеттик сатып алууларда аудит жүргүзүп текшерүү иштерине мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан, бул мыйзам долбоорун колдой албайм, - деген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин мүчөсү А. Исмаилова болду.

Талкууда мыйзам долбооруна ынабаган эл өкүлдөрү ага каршы добуш беришти. Жыйынтыгында, жогорудагы маселе колдоо таба алган жок. Бул мыйзам долбоору боюнча өз оюн айта турган тарап эми Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитет болуп калды.