Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан аялдар гана жабыркабайт

04-02-2017 12:19

4-февраль күнү  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Ош шаарынын тургундарынын катышуусу менен үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жана башка социалдык-экономикалык көйгөйлөр боюнча коомдук угуу болду.

Ош шаарында өткөрүлгөн аталган иш-чарада үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча эксперттердин пикирлери айтылып, анын алдын алуу менен гендердик жана жарандык тең укуктуулукту камсыздоо багытындагы бир катар сунуш-пикирлер айтылды.

Алсак, менталитеттик өзгөчөлүгүбүзгө жараша, көпчүлүк зордук-зомбулуктун курмандыктары, айрыкча аялдар көргөн кордуктары тууралуу ачык айтуудан тартынышарын айткан, депутат Ирина Карамушкина: “Бирок, мындай учур алыс калды. Биз эми демократиялуу-эркин коомдун жарандары катары үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы биргелешип күрөшүшүбүз керек”, – деди.

Буга себеп катары зордук-зомбулуктан аялдар гана жабыркабасын белгилеген депутат Рада Туманбаева, Кыргызстандагы аялдардын 58%ы, жаш балдардын  18%ы, кары- картаңдардын 15%ы, эркектердин 7%ы жабыркарын кошумчалады.

Ошондой эле Ош шаарындагы “Аялзат” коомдук уюмунун жетекчиси Наргиза Эштаеванын айтымында, зордук-зомбулуктан жабыркагандардын көпчүлүгү кризистик борборлорго кайрылышат. Тагыраагы, 2015-жылдын статистикасы боюнча Ички иштер министрлигине кордук көргөн 3524 аял кайрылса, республикадагы саламаттыкты сактоо мекемелерине 5661 зордук-зомбулуктун курмандыгы катталган. Ал эми кризистик борборлорго 2015-жылы 8458 аял жардам сурап келген.

Андыктан, жакында эле Жогорку Кеңештеги 2-окуудан өткөн үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы кризистик борборлорду каржылык колдоо багытындагы мыйзам долбоорунун зарылчылыгы коомдук угуу учурунда дагы бир жолу белгиленди. Тагыраагы, аталган мыйзам кабыл алынып калса, кризистик борборлорду колдоо үчүн мамлекеттик бюджеттен жыл сайын 25 млн. сом бөлүнүшү керек. 

 

КР Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы