Үй-бүлөдөгү чыр-чатактарды аксакалдар сотунун деңгээлинде деле чечсек болот

04-02-2017 16:15

Бул тууралуу үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жана башка социалдык-экономикалык көйгөйлөр боюнча  Ош шаарында өткөрүлүп жаткан коомдук угуу учурунда айтылды.

Андан тышкары, жыйында мектептердеги тогуз жылдык окуу мөөнөтүн милдеттүү түрдө он бир жылдык кылып өзгөртүү сунушталды. Себеби, акыркы жылдары көпчүлүк окуучу кыздар тогузунчу классты бүтүргөндөн кийин, мигрант болуп чет өлкөгө же күйөөгө чыгып кеткен мисалдар көп.

Ошондой эле коомдук угуу учурунда жергиликтүү тургундар тарабынан ажырашып, үй-бүлөлөр бузулган фактылар жыл санап арбып бара жаткандыгы да айтылды.Буга жооп катары, депутат Карамат Орозова үй-бүлөлүк чыр чатакты сотко чейин жеткирүүдөн мурун жергиликтүү аксакалардар сотунун жардамы менен деле чечүүгө аракет кылсак деген пикирин билдирди. Мындан сырткары, айыл эли көтөргөн жөлөк пул маселесине токтолгон Карамат Орозова, аталган тармакты тез арада реформалоо менен жөлөк пулдарды адрестик түрдө берсек натыйжалуу болорун кошумчалады. 

Ал эми депутат Айсулуу Мамашева экономикалык багыттагы суроолорго жооп берип жатып, жергиликтүү кеңештин депутаттарын түрткү берүүчү кредиттерге долбоор жазып, айыл турмушун жакшыртуу багытында иш алып барууга чакырды. 

Эске салсак, Улуттук демократиялык институт тарабынан демилгеленип, Жогорку Кеңештин депутат айымдар форумунун мүчөлөрүнүн катышуусу менен Ош шаарында өткөрүлүп жаткан коомдук угууда үй-бүлөлүк зордук зомбулук жана жергиликтүү калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу багытындагы бир катар маселелер талкууланды.

 

КР Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы