Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Индонезия элчиси Анак Агунг Где Алит Сантиканы кабыл алды

03-02-2017 16:45

Бүгүн, 3-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Индонезиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Анак Агунг Где Алит Сантиканы кабыл алды.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кыргызстан Индонезия менен болгон баардык тармактардагы кызматташтыкты кеӊейтүүгө кызыктар экенин белгилеп: "Айрыкча, парламенттердин тыгыз байланыштары, анын ичинен депутаттык достук топторунун өз ара алакалары эки мамлекет ортосундагы мамилени чыӊдоого жакшы шарт түзөт", - деди.  

Ошондой эле Чыныбай Турсунбеков экономикалык байланыштардын азыркы абалына токтолуп, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча түзүлгөн Кыргыз-Индонезия өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин жандандыруу зарылдыгын билдирди. Андан тышкары, эки өлкө боюнча 30 күн аралыгында жарандардын жеӊилдетилген шартта кирип-чыгуусу мүмкүн экендигин айткан Жогорку Кеңештин Төрагасы туризм жаатындагы кызматташтыкты да арттырууга болорун кошумчалады.

Ал эми элчи Анак Агунг Где Алит Сантика Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбековго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык айтуу менен, Кыргызстан менен болгон мамилелерди арттырууга кызыгуусун билдирип, соода-экономикалык жана парламенттер аралык байланышты жандантуу аркылуу натыйжалуу кызматташуу болорун белгиледи. Ал Жогорку Кеңештин Төрагасын Индонезияга расмий иш сапары менен келүүгө чакырды.

Жолугушуу соӊунда Кыргызстан менен Индонезиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп багыттуу кызматташтыкты мындан ары да арттыруу зарылчылыгы айтылды.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы