Чолпон-Ата – Алматы автожолунун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгууда

03-02-2017 12:34

Ушу тапта Казакстан Чолпон-Ата – Алматы автожолун куруу үчүн инвестор издей баштады. Ал Казакстандын түштүк борбору менен Ысык-Көл кылаасындагы туризм катнашын кыйла кыскартат. Азыр жолдун техникалык-экономикалык негиздемесинин долбоору да иштелип чыгууда. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Жогорку Кеӊештин «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынын кезектеги жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Депутат Абдумажит Юсуров мыкты автожолдор өлкө экономикасынын, анын ичинде туризм тармагынын өнүгүшү үчүн өтө маанилүү экенин белгилеп, Чолпон-Ата – Алматы жолу боюнча долбоордун тагдырына кызыкты.

Транспорт жана жолдор министри бул багытта аракеттер жасалып жатканын билдирди. «Алматы шаарына карай эӊ кыска жол 3200 метр бийиктикте жайгашкан Кастек ашуусу аркылуу өтөт. Биз Кемин жол нугун районундагы Ак-Бейит деген жерден кошууну туура таптык. Бул боюнча протоколго өткөн жылы Санкт-Петербург шаарында кол коюлду», - деп, ал жолдун жалпы узундугу 120-130 чакырым болорун кошумчалады.

Андан сырткары, Кеминден Чүй дарыясына чейин кошумча 1,5 чакырым жол, дагы эки көпүрө курула турганы белгилүү болду.

КР ЖК Басма сөз кызматы