2018-жылдын 22-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Республиканын мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарын куруу жөнүндө маселени карап чыкты

15-11-2018 10:34

 

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.С. Өмүрбекованын республиканын мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарын куруу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети төмөнкүдөй чечти:

1. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.С. Өмүрбекованын республиканын мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарын куруу жөнүндө маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталды:

- республиканын мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарынын курулушун өз убагында финансылоону, ошондой эле адарды курууда курулуш ченемдерин жана эрежелерин сактоо үчүн катуу көзөмөлдү камсыз кылуу;

- пландаштырылган жылга капиталдык салымдардын көлөмүнө долбоордук-изилдөө иштерин, анын ичинде долбоор алдындагы жана долбоордук  иштерди, ошондой эле республиканын мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарынын авариялуулугуна экспертиза жүргүзүүнү финансылоону киргизүү;

- курулушту жана оңдоону үзгүлтүккө учуратууга, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарын сапатсыз курууга жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо;

- мамлекеттик бюджетти түзүүдө төмөнкүлөргө акча каражаттары каралсын:

Бишкек шаарынын №10, № 76 жана «Улан» кичи районундагы мектептердин жаңы имараттарынын курулушуна;

Бишкек шаарынын № 9, 12, 13, 23, 24, 26, 31, 37, 43, 61, 67, 70 жалпы билим берүү уюмдарынын, А. Молдокулов атындагы № 5 Улуттук компьютердик гимназиянын кошумча окуу корпустарынын курулушуна;

- республиканын мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарында өрткө каршы коопсуздукту күчөтүү жана коопсуздук техникасынын эрежелерин аткаруу боюнча зарыл чараларды күчөтүү;

- республиканын мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын эксплуатациялануучу имараттарынын техникалык абалы боюнча 2018-жылдын 15-декабрына чейин маалымат берүү.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги курулуш объекттеринин бекитилген тизмегине ылайык, 2018-жылга республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен республиканын мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарын курууга жиберилүүчү мамлекеттик капиталдык салымдарды өз убагында каржылоо боюнча чара көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги өзүнүн сайтында республиканын мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарынын алдыда күтүлүп жаткан курулушу жөнүндө маалыматты жайгаштырсын.

5. «Республиканын мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарын куруу жөнүндө» маселе 2018-жылдын октябрында «өкмөттүк сааттын» алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

6. Чеимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлдү.