Кутушев Абдыманап Орозбаевич

Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси

1966-жылдын 14-сентябрында Ош областынын Алай районундагы Сопу-Коргон айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1988-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун Механизация факультетин “инженер-механик” адистиги боюнча артыкчылык менен бүтүргөн.

Эмгек ишмердүүлүгүн 1983-жылы Алай районундагы “Сары-Могол” совхозунда жумушчу болуп иштөөдөн баштаган.

1988-1990-жылдары – Кыргыз айыл чарба институтунда айыл чарба техникасын иштетүү жана оңдоо кафедрасынын ассистенти, электрондук-эсептөө машиналар лабораториясынын улук инженери.

1990-1991-жылдары – Фрунзе шаарындагы “Кыргызайылчарбахимия” өндүрүштүк бирикмесинин инженери.

1991-1992-жылдары – К.И.Скрябин атындагы кыргыз айыл чарба институтунда окутуучу.

1992-1994-жылдары - “Резон” чакан ишканасында директор.

1998-2005-жылдары - “Нектар-Трейд” ЖЧКсынын директору.

2005 – 2010-жылдары - жеке ишкер.

Көз карандысыз Кыргызстанда алгачкы форель балык чарбасын түзгөн (2002-ж.).

2012-жылдын февралында Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп келген.

“Кыргызстандын агрардык элитасы” Президенттик улуттук сыйлыгы (2007-ж.), Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы (2012-ж.) менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.