Эл өкүлдөрү Бишкек шаарынын мэрине эмнеге ишеним көрсөтүшпөйт?

09-01-2023 11:49

Бишкек шаарынын эпидемиологиялык абалы, курулуш жана чарбалык иштери, кадр саясаты жана мэриянын ишмердүүлүгү Жогорку Кеңеш депутаттарынын купулуна толгон жок. Анткени, баардык тармактарда оркойгон катачылыктар көрүнүп, конкреттүү иш-пландар аткарылбай жаткандыгы баш калаанын башчысы Эмилбек Абдыкадыров менен болгон суроо-жооптордо белгилүү болуп жатты.

Мындан улам "Мекенчил" депутаттык тобунун жетекчиси Эльмурза Сатыбалдиев Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровго ишеним көрсөтпөй турганын билдирди.

https://youtu.be/c7ejF33oTuw

https://fb.watch/hXp9iOFNNU/