Жылкыбаев Узарбек Казиевич

КСДП парламенттик фракциясы

Телефон: 0312 63-87-83

1974-жылдын 17-февралында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1999-жылы Казак мамлекеттик улуттук университетин “эл аралык мамилелер” адистиги боюнча, 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын “юриспруденция” адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1991-жылы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы “Орбита” эс алуу жайында баштаган.

1991-2001-жылдары Бостери айыл өкмөтүндө жетектөөчү адиси болгон.

2001-2002 -жылдары Бишкектеги арак-ликер заводунда иштеген.

2002-жылы Бишкек шаарынын мэриясында- I категориядагы адиси болуп эмгектенген.

2004-2008-жылдары Ысык-Көл районундагы Бостери айылдык кеңешинин депутаты болгон.

2005-2008-жылдары “Ысык-Көл Аврора” санаториясында маркетинг бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.

2008-2012-жылдары Ысык-Көл райондук кенешинин депутаты болгон.

2011-2013-жылдары Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын атайын өкүлү;

2013-2015-жылдары “Кыргыз деңизи” санаториясында начальник;

2015 –жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.