Айылдын тургундары менен жер-жерлерде жолугушуу. Арстанбап, Базар-Коргон району, Жалал-Абад областы.

26-03-2022 14:54

Мурунку чакырылышта мен Бишкек шаарынын Ленин районунан шайлангам, шайлоочулар менен жолугушууларымдын көбү ушул райондо өттү. Азыр парламентарийлер үчүн жакшы жана пайдалуу, республиканын коп райондорунда, өзгөчө алар сиздер үчүн добуш берген жерлерде чогулуштар өтүп жатат.
Колдоочуларга ишеним көрсөткөндүгү үчүн алкыш айтуу менен гана чектелбестен, тез арада чечүүнү талап кылган курч жана маанилуу маселелер менен жеринде таанышууга да мүмкүнчүлүк бар.
Андыктан жолугушууда тургундар чындап эле курч көйгөйлөрдү айтып, аларды чечүүгө жардам берүүнү суранышты. Мени өз кезегинде айтылган бардык көйгөйлөр сөзсүз түрдө изилденип, буюрса тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдары менен биргеликте чечилет деп ишендирдим.