Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2017-жылдын 19-декабрындагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна КОРУТУНДУСУ

11-01-2018 09:43

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2017-жылдын 19-декабрындагы

 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

 

КОРУТУНДУСУ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары Комитет) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-ноябрындагы №780-токтому менен жактырылган, Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт:

1) мыйзам долбоорунун концепциясы:

Аталган Мыйзам долбоору коррупциялык факторлорду жоюу жана жарандардын жана юридикалык жактардын автотранспорттук каражаттарын өз убагында (алгачкы) каттоо (кайра каттоо) жоопкерчилигин көтөрүү максатында иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасында транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоону (кайра каттоону) ишке ашырууну конкреттүү максатта болушун камсыз кылуу үчүн «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесин бир нече бөлүктөр менен толуктоо жана аталышын өзгөртүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексин 2241-статьясындагы санкцияны катуулатуу сунушталат.

Юридикалык жактар жана Кыргыз Республикасынын граждандары өздөрүнө таандык болгон автомототранспорт каражаттарын, алардын техникалык абалына карабастан, алган учурдан баштап 5 күндүк мөөнөт ичинде каттоодон же, тийиштүү зарылдык келип чыкса, кайра каттоодон өткөрүүгө милдеттүү эле.

Бажы тосмолорунда автотранспорттук каражаттарды каттоо жол-жоболорунун жүрүшү узак убакытты талап кылгандыктан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айрым региондорунун алыстыгынан автотранспорт каражаттарын өз убагында каттоодо жана кайра каттоодо калк арасында нааразычылык көп туулуп жана коррупциялык факторлор пайда болууда, ушуга байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 24-беренесине каттоо мөөнөтүн «10 жумушчу күн» көтөрүүнү караган өзгөртүүнү киргизүү сунушталууда.

Ошондой эле, жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарын каттоо (кайра каттоо) эрежелерин сактабаган жана өз убагында каттоодон өткөрбөгөн жеке адамдарга – эсептешүү көрсөткүчүнүн сексен өлчөмүндө, юридикалык жактарга – жүз элүү өлчөмүндө администрациялык айып салуу үчүн Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексин 2241-статьясына өзгөртүү киргизүү сунушталып жатат.

2) мыйзам долбоорунун мазмунун берилген концепцияга ылайык келиши:

Аталган мыйзам долбоорунун мазмуну берилген концепцияга ылайык келет.

3) Мыйзам долбоорунда каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндөгү ченемдик базаны жөнгө салуу:

ченемдик укуктук база («Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинен турат.

4) мыйзам долбооруна карата регулятивдүү таасир көрсөтүү анализинин жыйынтыктары боюнча сунуш:

Мыйзам долбоору ишкердик ишмердүүлүктү жөнгө салууга багытталбагандыктан регулятивдик таасирдин талдоосуна алынбайт. 

5) “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык өткөрүлгөн экспертизалардын жыйынтыктары боюнча сунуш:

Жогорку Кеңештин Аппаратынын Экспертизалардын укуктук бөлүмүнүн аталган мыйзам долбоору боюнча корутундусунда сунуштар жана сын-пикирлер жок.

6) Көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын жыйынтыктары боюнча сунуш:

Сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн жок.

7) Өткөрүлгөн коомдук талкуулоолордун жыйынтыктары боюнча сунуш:

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына 2017-жылдын 25-июлунда жайгаштырылган жана мыйзам долбоору боюнча эч кандай сын-пикирлер жана сунуштар түшкөн эмес.

8) Фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын мыйзам долбооруна карата сунуштары:

-сунуштар келип түшкөн жок.

9) Комитеттин мүчөсүнүн мыйзам долбооруна карата өзгөчө пикири:

- Каралып жаткан Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда Комитеттин мүчөлөрү Жунус уулу Алтынбек жана Э.Т. Токтошев төлөө кечикиктирилген учурда администрациялык айып салууну баскычы менен киргизүүнү башкача айтканда бир айга кечиккендерге миң сомго жана андан ары улам айып суммасынын көлөмүн көбөйтүп отурууну сунушташты.

-Комитеттин мүчөсү С.М. Джураев сырттан алынып келген транспорт каражаттарын бажы терминалынан аркылуу документтери каттоодон өткөндөн кийин транспортторду токтото туруучу айып аянтына киргизүүнү жана транспорт каражаттарын мыйзамга ылайык мамлекеттик каттоодон өткөргөндөн кийин чыгаруу жол-жобосун сунуштады.

- Комитеттин мүчөсү Р.Ч. Момбеков транспорт каражаттарын каттоо (кайра каттоо) эрежелерин сактабаган жана өз убагында каттоодон өткөрбөгөн жеке адамдарга жана юридикалык жактарга администрациялык айып салуу өлчөмүн көбөйтүү менен көйгөй чечилбестигин, тескерисинче коррупциялык схемалардын жандануусуна шарт түзүлөөрүн  башкача айтканда каттоо кызматынын кызматкерлери баштагыдан да көбүрөөк акча талап кылышына алып келиши мүмкүн экендигин белгиледи.

Андан ары, Мыйзам долбоорунун демилгечиси катары Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин өкүлүнө кайрылып Мыйзам долбоорунун маалымат-негиздемесинде Өкмөттүн протоколдук тапшырмасын ишке ашыруу максатында иштеп чыгарылды деп жазылгандыгын, маселеге комплекстүү карап мыйзам долбоорлорун мындан ары пакети менен киргизүүнү сунуштады. Жогорудагы Мыйзам долбоорун кабыл алуудан коррупциялык иш аракеттерге жол ачылаарын белгилөө менен Мыйзам долбоорун четке кагууну сунуштады.

Комитеттин мүчөсү Р.Ч. Момбековдун Мыйзам долбоорун четке кагуу сунушу колго салынып көпчүлүк добуш менен колдоо тапты.

 

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:

1. Мыйзам долбоору биринчи окууда четке кагуу сунушу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.

 

2. Бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында кароодо Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри Ж.К Калилов баяндамачы жана Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары М.Б. Сарымсаков тең баяндамачы болуп аныкталсын.

 

 

Төраганын  орун басары                                                     М.Э. Мавлянова