Бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү биринчи окууда карап, кабыл алды.
Жыйында баяндама жасаган коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартовдун айтымында, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн реформалоо боюнча иш-чаралардын алкагында, укук колдонуу практикасын эске алуу менен аскердик кызмат өтөө мөөнөттөрүн тартипке келтирүү максатында иштелип чыккан. Тагыраагы, мыйзам долбоору аркылуу жогорку аскердик окуу жайларды аяктаган адамдардын контракт боюнча аскерди кызмат өтөө мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартуу, ошондой эле коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине белгиленген аскер кызматынын мөөнөтүнөн ашык, бирок эки айдан ашпаган убакытка чейин аскер кызматында калтырууга укук берүү сунушталууда.
Андан тышкары, жыйында “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, жактырылды.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү