“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү  киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2017-жылдын 17-январынан тартып коомдук талкууга коюлат

17-01-2017 16:52

Демилгечилер:  Жогорку Кенештин депутаттары Э.Байбакпаев, М Бакиров

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-88-30

Каттоо  № 6-976/17      17.01.2017

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

 

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

«Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү  киргизүү тууралуу

1-берене

«Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 902-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 

1) 8-берененин 3-бөлүгүндө «башкаруу органы» деген сөздөрдөн кийин «, жер участокторунун менчик ээлери жана жерди пайдалануучулар» деген сөздөр менен толукталсын.

 

2) 9-беренеге төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-бөлүктө «Жеке турак жай курулуш үчүн жерлерди которууну жүзөгө ашыруу үчүн "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которууну кошпогондо,» деген сөздөр «Жерлерди которууну жүзөгө ашыруу үчүн» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 5-бөлүктө «башкы планын же» деген сөздөрдөн кийин «участокко куруунун башкы планынын эскизин» деген сөздөр менен толукталсын;

- 6-бөлүктүн 2-у «башкы планы же» деген сөздөрдөн кийин «участокко куруунун башкы планынын эскизи» деген сөздөр менен толукталсын.

 

3) 20-берененин 1-бөлүгүндө «Шаар куруу документтеринин» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Жер кодекси күчүнө киргенге чейин белгиленген тартипте берилген дача участокторун кошпогондо, шаар куруу документтеринин» деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

2-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

 

 

«Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

маалымкат-негиздеме

«Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жер мамилелерин жөнгө салуу максатында киргизилип жатат. Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин 2016-жылдын 31-октябрындагы чечими менен бекитилген КР Жогорку Кеӊешинин республиканын дача шериктештиктеринин маселелерин иликтөө боюнча жумушчу тобунун ишинин жүрүшүндө иштелип чыккан.

Жер маселеси боюнча бирдиктүү мамлекеттик мамиленин жоктугунан, укуктук жактан чаржайыттыктан, жөнгө салынган укук колдонуу практикасынын жоктугунан улам трансформациялоо жана андан соӊ жаӊы конуштарга, турак жай массивдерине “калктуу конуштун” статусун берүү маселелери саясий мүнөзгө ээ болуп, республиканын көпчүлүк шаарларында жана айылдарында, анын ичинде республиканын борбору Бишкек шаарында жана республикалык маанидеги Ош шаарында социалдык оорчулукту түздү. Мыйзам долбоорунда бөлүү жөнүндө мыйзамдуу чечимдер бар жана КР Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин берилген жерлерди трансформациялоодо келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү максатында «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 9, 20-беренелерине өзгөртүүлөр киргизилет.

Жумушчу топ таламдаш тараптардын катышуусу менен 15тен ашык жыйналышты, 5 көчмө жыйналышты өткөрдү. Биринчи этапта Чүй областынын Москва, Сокулук (62 дача шериктештиги, жалпы аянты 449,9 га), Чүй (14 дача шериктештиги, жалпы аянты 156,1 га) жана Аламүдүн (114 дача шериктештиги, жалпы аянты 650,4 га) райондорунда дача жана бакчачылык шериктештиктеринин абалы иликтенди, дача участокторунун статусун аныктоо боюнча талдоо жүргүзүлдү, укуктук жөнгө салуу маселелери айкындалды.

20-берененин 1-бөлүгүндө «Шаар куруу документтеринин, куруу жана шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарында жерди пайдалануу эрежелеринин негизинде жеке менчикте турган жер участоктору белгиленген тартипте жер алынгандан кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан жеке турак жай курулушуна которулат» деп көрсөтүлгөн. Бул формулировка, иш жүзүндө, жеке менчик институтунун негизги принциптерин бузат, ошондой эле чиновниктерге трансформациялоо жагындагы маселени чечүүдө ар кандай шылтоолор менен создуктурууга же болбосо өзүн-өзү четтетүүгө, бюрократтык башаламандыктарды жана тоскоолдуктарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Азыркы учурда иш жүзүндө калк туруктуу жашаган конуш болуп калган дача шериктештиктеринин көпчүлүгүндө жолдор курулган, электр жана суу тармактары жеткирилген, 15 жылдан ашык убактан бери ак ниеттүү ээлик кылуу жана пайдалануу байкалууда. Мурдагы дача шериктештиктеринин аймагындагы жер участокторунун айрым менчик ээлери административдик-аймактык бирдиктерди түзүү маселесин кароого алардын мыйзамдуу укуктарын ишке ашырууну, башкача айтканда, өздөрү жашап жаткан аймактарга “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык “калктуу конуш” статусун берүүнү талап кылууда.

Белгилеп кетүү керек, көрсөтүлгөн жер участоктору ар кандай себептерден улам өз учурунда калктуу конуштардын жерлерине которулган (трансформацияланган) эмес, бул кийин жаӊы администрациялык-аймактык бирдиктерди түзүү же иштеп жаткандарына кошуу аркылуу аларга “калктуу конуш” статусун берүүгө арылууга мүмкүн болбогон тоскоолдук болуп калды. Ушундай жер участокторуна милдеттүү түрдө алдын ала алып коюу жөнүндө мыйзамдын талабы “калктуу конуштардын жерлерине” трансформациялоо жол-жобосунун өзүн жүргүзүүгө жана андан соӊ “калктуу конуштун” статусун берүү жөнүндө маселени кароого мүмкүндүк бербей жатат. Мындай суроо келип чыгат – эгерде участоктун менчик ээсинин каршылыгы (макул эместиги) жок болсо, кызыкчылыктардын кагылышуусу жок болсо, жер участогуна менчик укугун ажыратууну жүргүзүүнүн эмне кереги бар? Ушундай жер участокторунун менчик ээлеринин өздөрү трансформациялоого жана андан соӊ “калктуу конуштун” статусун алууга таламдаш. Чүй областынын Сокулук районундагы Ат-Башы айыл аймагында дача шериктештиктеринин жерлерин “калктуу конуштун жерлеринин” категориясына трансформациялоонун конкреттүү мисалында укуктук көйгөйлөрдү иликтөө Мыйзамдын 9 жана 20-беренелеринин ченемдери Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы (РМА) дача шериктештиктеринин жерлерин “калктуу конуштардын жерлеринин” категориясына трансформациялоо жөнүндө чечим чыгарышына арылууга мүмкүн болбогон тоскоолдук болуп санала тургандыгын көрсөттү. Каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана РМА алдын ала алып коюуну жүргүзүүнү негизсиз түрдө талап кылууда. Алып коюу менчик ээсинин мажбурлап алмаштырууну болжолдойт – бул дача участоктору жагынан жүргүзүлүп жаткан трансформациялоонун максаттарына шайкеш келбейт. Өзүнөн-өзү трансформациялоо – бул бийлик ыйгарым укуктары, жер участокторуна укукка ээ болуу (ээлик кылуу, пайдалануу, тескөө) менен эч байланышпаган мамлекеттик функция. Мында Граждандык кодексте да, Жер кодексинде да жеке менчикте турган жерлерди трансформациялоого тикелей тыюу салуу жок, мында дачалардын ээлери жагынан трансформациялоо трансформацияланып жаткан участоктун менчик ээсинин эрки боюнча демилгеленип жатканын эске алуу керек. Мыйзамда жерлерди менчик ээлеринен (ушул конкреттүү учурда дача участокторунун ээлеринен) алдын ала алып коюуну жүргүзүү ченеми ката жазылган – эмне үчүн, кандай максаттар үчүн экени түшүнүксүз. Алып коюу жер участогун муниципалитеттин/мамлекеттин (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын/Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн) пайдасына ажыратууну болжолдойт. Башкача айтканда, алдын ала алып коюу зарылчылыгы жөнүндө туура эмес жана так эмес жазылган ченем трансформациялоонун өзүн мүмкүн кылбай жатат, кемчиликтерден арылуу үчүн ЖӨБОлорду жерлерди сатып алуу боюнча формалдуу, жалган бүтүмдөрдү жүргүзүүгө же болбосо кызыкчылыктардын кагылышуусу жана укук жөнүндө талаш жокто маселени соттук чечүүгө тараптардын реалдуу эрки жок болсо соттук тартипте мажбурлап алып коюунун формалдуу жол-жобосуна барууга түртүп жатат. Мында ошондой эле буларды белгилеп кетүү зарыл: республикада ЖӨБОлордун басымдуу көпчүлүгү дотациялык болуп саналат, жергиликтүү бюджетте калктуу конуштардын категориясына трансформациялоодо муктаж болгон жерлерди алдын ала сатып алуу боюнча формалдуу бүтүмдөрдү жасоого бош каражаттар жок. Андан ары, дачаларга келсек, участоктун ээсинин ушул участокту үчүнчү жактарга берүү максатында өзүнө таандык болгон участокту мажбурлап алып коюуга каршы боло турган трансформациялоону жүргүзүүгө жана андан соӊ бул аймакка “калктуу конуштун” статусун берүүгө кашы боло турган ЖӨБОнун кызыкчылыгынан айырмаланган өзүнүн кызыкчылыгы жок. Бирок жерлерди сатып алуу боюнча “жалган бүтүм” жүргүзүлгөн жана жер ЖӨБОнун менчиги болуп калган күндө да жер мыйзамдары боюнча бул жерлерде жеке турак жай куруу (ЖТК) максаттары үчүн конкурс жарыяланууга тийиш жана участоктордун иш жүзүндөгү ээлери өзүнүн эле участогун “кайрадан” алып жана ал үй курган, иш жүзүндө 15 жылдан ашык убакыттан бери пайдаланган жана ээлик кылган ал жерди мыйзамдаштыра ала тургандыгы факт эмес. Бул укуктук туура эместик дача шериктештиктеринин жерлери жагынан гана эмес, ЖТК максаттарына жерлерди трансформациялоо жагындагы бардык көйгөйлүү учурларда келип чыга берет.

Жумушу топ алып коюу жол-жобосу КР Граждандык кодексинде жана КР Жер кодексинде жетиштүү өлчөмдө жолго коюлган, ал эми коомдук (мамлекеттик, муниципалдык) муктаждыктарга жерлерди алдын ала алып коюу зарылчылыгы келип чыккан учурда трансформациялоо тартибин жөнгө салган «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы жоболору жогоруда көрсөтүлгөн кодекстердин ченемдерине карама-каршы келет деген пикирге келди. Колдонуудагы редакцияда трансформациялоого таламдаш болгон жарандар үчүн мындан ары көйгөйлөр гана түзүлөт жана түзүлө бермекчи, ал ар кандай деӊгээлдеги ыйгарым укуктуу органдардын чиновниктери үчүн ушул ченемдерге таянып, жерге жайгаштыруу чөйрөсүндөгү өзүнүн тикелей милдеттерин аткарбоого жана республиканын жарандарынын жана жерди пайдалануучулардын мыйзамдуу талаптарын аткаруу үчүн тиешелүү чечимдерди кабыл алуудан өз алдынча чектөөгө мүмкүндүк түзөт.

Баса белгилеп кетүү керек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул мезгилге чейин алып коюуну жүргүзүү тартибин иштеп чыккан жана бекиткен эмес, бул жөнүндө мыйзамдын 20-беренесинде айтылган (мыйзамга караштуу акт түрүндө, анда кандай учурларда алып коюуну жүргүзүү зарыл экендигин, ал эми кандай учурларда андай кылууга болбой тургандыгын жазуу зарыл), мында мыйзам кабыл алынган учурдан тартып 3 жылдан ашык убакыт өткөндүгүн эске алуу керек.

Жумушчу топ «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ченемдерди киргизүү аркылуу укуктук чаржайыттыкы чечүүгө жетишүүгө болот деп эсептейт, ага ылайык дача шериктештиктеринин жерлери өзгөчө тартипте алып коюу жол-жоболорунан өтүү зарылчылыгынан бошотулат.

Мындан тышкары, трансформациялоо маселеси боюнча райондук мамлекеттик администрацияга кайрылуунун демилгечиси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы гана болуп санала тургандыгы жөнүндө мыйзамдын жобосу башка маанилүү мыйзамдык тоскоолдук болуп саналат, анткени көпчүлүк учурда ЖӨБОлор трансформациялоо жана калктуу конуштун статусун берүү жөнүндө чечимди бекитүү маселеси боюнча дача шериктештиктеринин тургундарынын жыйындарынын арыздарын (протоколдорун) кабыл алуудан жана кароодон негизсиз баш тартат, муну менен шайлоого катышууга жарандардын конституциялык укуктарын жүзөгө ашырууга, администрациялык-аймактык бирдикти түзүүгө, ошондой эле мамлекеттик, социалдык, билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн алууга арыз ээлеринин укуктарын чектеп, иш жүзүндө аларды “өлүк жандардын”, “экинчи сорттогу жарандардын” абалына коет.

Мыйзамдын колдонуудагы редакциясында, ошондой эле дагы бир аткарылбай турган ченем – трансформациялоо учурунда белгиленген тартипте бекитилген башкы планды берүү зарылчылыгы жөнүндө ченем камтылган. Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык архитектор трансформацияланбаган жер участокторуна куруунун башкы планына кол коюуга укуксуз.

Бул мыйзам долбоору ишкердик иштин маселелерин козгобойт, жөнгө салуучу таасирди талдоону жүргүзүү талап кылынбайт.

Мыйзам долбоорун турмушка ашыруу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга же алардын эсептен чыгып калышына алып келбейт.

Мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

 

Депутаттар                                                                                       Экмат Байбакпаев

                                                                                                          Мирлан Бакиров

 

 

 

 

«Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзам долбооруна

Салыштырма таблица

Колдонуудагы редакция

Сунуш кылынып жаткан редакция

«Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

8-берене. Жерлерди которуу жөнүндө документтерди "бирдиктүү терезе" принциби боюнча кароо

1. Жерлерди которуу жөнүндө арыздарды кароо "бирдиктүү терезе" принциби боюнча жүзөгө ашырылат.

2. Жерлерди которуу боюнча жерге жайгаштыруу материалдарын даярдоо боюнча иш-милдеттерди атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жеке турак жай курууга жерлерди которуу үчүн демилгечи болуп белгиленген тартипте чыгат.

 

8-берене. Жерлерди которуу жөнүндө документтерди "бирдиктүү терезе" принциби боюнча кароо

1. Жерлерди которуу жөнүндө арыздарды кароо "бирдиктүү терезе" принциби боюнча жүзөгө ашырылат.

2. Жерлерди которуу боюнча жерге жайгаштыруу материалдарын даярдоо боюнча иш-милдеттерди атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, жер участокторунун менчик ээлери жана жерди пайдалануучулар жеке турак жай курууга жерлерди которуу үчүн демилгечи болуп белгиленген тартипте чыгат.

9-берене. Жерлерди которуу жөнүндө документтерди даярдоонун жана арыздарды кароонун тартиби

1. Жеке турак жай курулуш үчүн жерлерди которууну жүзөгө ашыруу үчүн "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которууну кошпогондо, жеке адамдар же юридикалык жактар жерлерди которуу жөнүндө райондун мамлекеттик администрациясына арыз беришет.

Арызда жер участогуна болгон укук жөнүндө маалымат, которула турган жер участогунун категориясы жана өлчөмү, жер участогун жердин бир категориясынан башкасына же бир чарба жеринин бир түрүнөн башкасына которуунун негиздемеси көрсөтүлөт.

Арызга арыз ээсинин - жеке адамдын инсандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү, же болбосо юридикалык жакты каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, жер участогуна укук белгилөөчү жана укукту ырастоочу документтердин, курулуштун башкы планынын же шаар куруу документтеринин көчүрмөлөрү жана техникалык-экономикалык негиздемеси тиркелет.

2. Райондун мамлекеттик администрациясынын суроо-талабы боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер участогуна материалдарды топтойт жана жерге жайгаштыруу көктөмөсүн он жумушчу күндүн ичинде райондун мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн комиссиянын кароосуна жиберет.

3. Райондун мамлекеттик администрациясы которулуучу жер участогу жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, арыз ээсинин жана жергиликтүү кызматтардын: архитектура жана курулуш (жерлерди "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которууда), айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы (токой фондунун жерлерин же токой фондунун жерлерине, өзгөчө коргоодогу жаратылыш ресурстарынын жерлеринин категориясына которууда), айыл жана суу чарбасын, саламаттык сактоо, өзгөчө кырдаалдар, энергетика, жерлерди пайдаланууну жана коргоону контролдоо боюнча инспекция өкүлдөрүнүн катышуусу менен комиссия (мындан ары - райондук комиссия) түзөт. Райондук комиссияны райондун мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары жетектейт.

Райондук комиссия он жумушчу күндүн ичинде райондун мамлекеттик администрациясына жер участогун которуунун мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө корутунду берет.

4. Жер участогун которуу маселеси боюнча терс корутунду болгон учурда райондун мамлекеттик администрациясы арыз ээсине баш тартуу жөнүндө негизделген билдирүүнү комиссиянын корутундусу менен жиберет.

5. Жерди курулуш үчүн которуу жөнүндө маселе оң чечилгенде райондук комиссия корутундуга участокко куруунун белгиленген тартипте макулдашылган башкы планын же анын негизинде иштелип чыккан шаар куруу документтерин жана техникалык-экономикалык негиздемени тиркейт.

6. Райондук комиссиянын оң корутундусу алынгандан кийин атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жерлерди которууга төмөнкү документтерден турган жерге жайгаштыруу көктөмөсүн түзөт:

1) арыз;

2) участокко куруунун белгиленген тартипте макулдашылган башкы планы же анын негизинде иштелип чыккан шаар куруу документтери жана техникалык-экономикалык негиздеме;

3) айыл чарба багытындагы жана (же) токой фондунун жерлерин которууда болуучу жоготуулардын эсеби;

4) ар бир менчик ээси жана жер пайдалануучу боюнча чарба жерлеринин түрлөрү боюнча жерлердин экспликациясы;

5) чектерин жана масштабын көрсөтүү менен жер участогунун планы;

6) райондук комиссиянын корутундусу;

7) калктуу конуштардын аймактарына кеңейтүүдө жана жаңы калктуу конушту түзүүдө - өз алдынча башкаруу органы тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча Программанын көчүрмөсү;

8) түшүндүрмө кат.

Жер участогун которуу жөнүндө жерге жайгаштыруу материалдары он жумушчу күндүн ичинде өзүнүн чечимин чыгаруучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кароосуна киргизилет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими жергиликтүү мамлекеттик администрациянын кароосуна келип түшөт.

Жергиликтүү мамлекеттик администрация жерди которуу боюнча материалдарды он жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө карайт жана өзүнүн компетенциясынын чектеринде жерлерди которуу жөнүндө же которууга макулдугу тууралуу чечим чыгарат.

Жергиликтүү мамлекеттик администрация:

1) компетенциясынын алкактарында кабыл алынган жерлерди которуу жөнүндө чечимди атайын ыйгарым укуктуу органга жиберет;

2) компетенциясынын алкактарында кабыл алынган жерлерди которууга макулдук жөнүндө чечимди материалдары менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберет.

7. Жер участокторун которуу же которууга макулдук жөнүндө чечим төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

1) жердин категориясын жана (же) чарба жеринин түрүн өзгөртүү үчүн негизди;

2) жер участогунун жайгашкан жерин, аянтын жана кадастрдык маалыматы;

3) которуу жүзөгө ашырылуучу жерлердин категориясын жана түрүн, жана которуу жүзөгө ашырылуучу чарба жерлеринин категориясын жана түрүн.

Жер участогун которуу жөнүндө же болбосо жер участогун которуудан баш тартуу тууралуу чечим соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.

8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участокторун которууга чектөөлөр коюлган же болбосо мындай которууга тыюу салынган учурларда жер участокторун которууга жол берилбейт.

9. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын демилгеси боюнча жүргүзүлүүчү жер участокторун бир категориядан башкасына же чарба жерлеринин башка түрүнө которуу жөнүндө жерге жайгаштыруу көктөмөсүн даярдоо менен байланышкан иштерди каржылоо жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен; ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын демилгеси боюнча жана жер участокторунун менчик ээлеринин жана жерди пайдалануучулардын арыздары боюнча - жеке каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

 

9-берене. Жерлерди которуу жөнүндө документтерди даярдоонун жана арыздарды кароонун тартиби

1. Жеке турак жай курулуш үчүн жерлерди которууну жүзөгө ашыруу үчүн "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которууну кошпогондо, жеке адамдар же юридикалык жактар жерлерди которуу жөнүндө райондун мамлекеттик администрациясына арыз беришет.

Арызда жер участогуна болгон укук жөнүндө маалымат, которула турган жер участогунун категориясы жана өлчөмү, жер участогун жердин бир категориясынан башкасына же бир чарба жеринин бир түрүнөн башкасына которуунун негиздемеси көрсөтүлөт.

Арызга арыз ээсинин - жеке адамдын инсандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү, же болбосо юридикалык жакты каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, жер участогуна укук белгилөөчү жана укукту ырастоочу документтердин, курулуштун башкы планынын же шаар куруу документтеринин көчүрмөлөрү жана техникалык-экономикалык негиздемеси тиркелет.

2. Райондун мамлекеттик администрациясынын суроо-талабы боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер участогуна материалдарды топтойт жана жерге жайгаштыруу көктөмөсүн он жумушчу күндүн ичинде райондун мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн комиссиянын кароосуна жиберет.

3. Райондун мамлекеттик администрациясы которулуучу жер участогу жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, арыз ээсинин жана жергиликтүү кызматтардын: архитектура жана курулуш (жерлерди "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которууда), айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы (токой фондунун жерлерин же токой фондунун жерлерине, өзгөчө коргоодогу жаратылыш ресурстарынын жерлеринин категориясына которууда), айыл жана суу чарбасын, саламаттык сактоо, өзгөчө кырдаалдар, энергетика, жерлерди пайдаланууну жана коргоону контролдоо боюнча инспекция өкүлдөрүнүн катышуусу менен комиссия (мындан ары - райондук комиссия) түзөт. Райондук комиссияны райондун мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары жетектейт.

Райондук комиссия он жумушчу күндүн ичинде райондун мамлекеттик администрациясына жер участогун которуунун мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө корутунду берет.

4. Жер участогун которуу маселеси боюнча терс корутунду болгон учурда райондун мамлекеттик администрациясы арыз ээсине баш тартуу жөнүндө негизделген билдирүүнү комиссиянын корутундусу менен жиберет.

5. Жерди курулуш үчүн которуу жөнүндө маселе оң чечилгенде райондук комиссия корутундуга участокко куруунун белгиленген тартипте макулдашылган башкы планын же участокко куруунун башкы планынын эскизин анын негизинде иштелип чыккан шаар куруу документтерин жана техникалык-экономикалык негиздемени тиркейт.

6. Райондук комиссиянын оң корутундусу алынгандан кийин атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жерлерди которууга төмөнкү документтерден турган жерге жайгаштыруу көктөмөсүн түзөт:

1) арыз;

2) участокко куруунун белгиленген тартипте макулдашылган башкы планы же участокко куруунун башкы планынын эскизи анын негизинде иштелип чыккан шаар куруу документтери жана техникалык-экономикалык негиздеме;

3) айыл чарба багытындагы жана (же) токой фондунун жерлерин которууда болуучу жоготуулардын эсеби;

4) ар бир менчик ээси жана жер пайдалануучу боюнча чарба жерлеринин түрлөрү боюнча жерлердин экспликациясы;

5) чектерин жана масштабын көрсөтүү менен жер участогунун планы;

6) райондук комиссиянын корутундусу;

7) калктуу конуштардын аймактарына кеңейтүүдө жана жаңы калктуу конушту түзүүдө - өз алдынча башкаруу органы тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча Программанын көчүрмөсү;

8) түшүндүрмө кат.

Жер участогун которуу жөнүндө жерге жайгаштыруу материалдары он жумушчу күндүн ичинде өзүнүн чечимин чыгаруучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кароосуна киргизилет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими жергиликтүү мамлекеттик администрациянын кароосуна келип түшөт.

Жергиликтүү мамлекеттик администрация жерди которуу боюнча материалдарды он жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө карайт жана өзүнүн компетенциясынын чектеринде жерлерди которуу жөнүндө же которууга макулдугу тууралуу чечим чыгарат.

Жергиликтүү мамлекеттик администрация:

1) компетенциясынын алкактарында кабыл алынган жерлерди которуу жөнүндө чечимди атайын ыйгарым укуктуу органга жиберет;

2) компетенциясынын алкактарында кабыл алынган жерлерди которууга макулдук жөнүндө чечимди материалдары менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберет.

7. Жер участокторун которуу же которууга макулдук жөнүндө чечим төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

1) жердин категориясын жана (же) чарба жеринин түрүн өзгөртүү үчүн негизди;

2) жер участогунун жайгашкан жерин, аянтын жана кадастрдык маалыматы;

3) которуу жүзөгө ашырылуучу жерлердин категориясын жана түрүн, жана которуу жүзөгө ашырылуучу чарба жерлеринин категориясын жана түрүн.

Жер участогун которуу жөнүндө же болбосо жер участогун которуудан баш тартуу тууралуу чечим соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.

8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участокторун которууга чектөөлөр коюлган же болбосо мындай которууга тыюу салынган учурларда жер участокторун которууга жол берилбейт.

9. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын демилгеси боюнча жүргүзүлүүчү жер участокторун бир категориядан башкасына же чарба жерлеринин башка түрүнө которуу жөнүндө жерге жайгаштыруу көктөмөсүн даярдоо менен байланышкан иштерди каржылоо жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен; ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын демилгеси боюнча жана жер участокторунун менчик ээлеринин жана жерди пайдалануучулардын арыздары боюнча - жеке каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

 

20-берене. Жеке менчикте турган жерлерди которуунун өзгөчөлүктөрү

1. Шаар куруу документтеринин, куруу жана шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарында жерди пайдалануу эрежелеринин негизинде жеке менчикте турган жер участоктору белгиленген тартипте жер алынгандан кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан жеке турак жай курулушуна которулат.

 

 

2. ....

 

20-берене. Жеке менчикте турган жерлерди которуунун өзгөчөлүктөрү

1. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси күчүнө киргенге чейин белгиленген тартипте берилген дача участокторун кошпогондо, шаар куруу документтеринин, куруу жана шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарында жерди пайдалануу эрежелеринин негизинде жеке менчикте турган жер участоктору белгиленген тартипте жер алынгандан кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан жеке турак жай курулушуна которулат.

2. ....