Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 1-февралдагы жыйынында февраль айынын календарлык иш ыргагы иреттелет. “Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү үчүнчү окууда каралат. Бир канча ратификациялык мыйзам долбоорлору да талкууга чыгат.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет кечээки, 31-январдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын стратегиялык пландоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды. “Аны ишке ашырууга кеминде 5 жылдык мөөнөт талап кылынат. Ушул мыйзам аркылуу айыл чарбасын, курулуш тармагын, туризм жаатын иретке келтирүүгө ыңгайлуу шарт түзөт”, - дейт демилгечи депутат Султанбай Айжигитов.
СНХ.С.АЙЖИГИТОВ
Талкууда депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбоорунун концепциясын жактырууну сунуштап, бул стратегиялык пландаштыруу өлкөбүз үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи.
СНХ.Г.КОЖОКУЛОВА
Ал эми депутат Жусупбек Коргонбай уулу мыйзам долбооруна Министрлер кабинети кандай корутунду бергендигине кызыкты.
СНХ.Ж.КОРГОНБАЙ УУЛУ
Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндөгү” конституциялык мыйзамынын долбоорун биринчи окууда жактырды. Талкууда депутат Айсара Абдибаева улуттук аудиторлорду даярдоо маселесин көтөрүп, көпчүлүк долбоорлорду ишке ашырууда чет элдик аудиторлор тартылып жаткандыгына кайрылып, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо үчүн бул багытта жигердүү иш алып баруу зарылчылыгын белгиледи.
СНХ.А.АБДИБАЕВА
АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ
Бүгүн, 1-февралда Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган башка аймактарда күн ачык болот. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+5...+10, Ысык-Көл:0...+5, Талас:+4...+9 градус жылуу. Нарын:-0...-5 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 1-февралда кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +7...+9 градус жылуу болот.