"Альянс" парламенттик фракциясынын бүгүнкү, 13-январдагы жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КРнын Бюджеттик кодексине, «Билим берүү жөнүндө» КРнын мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралат. Андагы өзгөртүүлөр аркылуу мамлекеттик бюджетке кесиптик билим берүү жагынан келүүчү социалдык жүктөм бара-бара азаяры айтылат. Кесиптик-техникалык окуу жайлар өздөрүнүн өнүгүшү үчүн өздөрү иштеп каражат таба баштайт, өздөрүнүн материалдык-техникалык базасын жакшыртат, окуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзөт, ошол эле учурда мамлекеттик бюджеттен каражаттар коротулбайт.
Доллардын куну өсүп жатканындыгына токтолгон депутат Эмил Жамгырчиев, - парламенттин кечээки жыйынында аталган валютанын рыноктогу баасы белгиленген нарктан жогору сатылып жатканын сынга алды.
СНХ.Э.ЖАМГЫРЧИЕВ
Азык-түлүктүн кымбатташына каршы Министрлер Кабинети ыкчам чараларды көрүүгө тийиш, - деген депутат Сүйүнбек Өмүрзаков, - калктын аярлуу катмарын социалдык жактан коргоону күчөтүү зарылдыгын да белгиледи.
СНХ.С.ӨМҮРЗАКОВ
Ордо калаада калктын санынын өсүшү жана жаңы үйлөрдүн активдүү курулушу сезилгени менен, андагы инженердик коммуникациялар менен канализация тутумдарынын алешем иши заманбаптуулукка тоскоол болуп жаткандай, - дейт депутат Айбек Маткеримов парламенттин кечээки жыйынында.
СНХ.А.МАТКЕРИМОВ
Депутат Чолпон Султанбекова Памирде жашаган этникалык кыргыздар оор эпидемиологиялык абалга кабылгандыгына кайрылып, аларга керектүү дары-дармек, азык-түлүк жана башка зарыл каражаттар түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүүнү сунуштады.
СНХ.Ч.СУЛТАНБЕКОВА
АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ
Бүгүн, 13-январда Ысык-Көл областында кар жаайт. Калган башка аймактарда күн ачык болот. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:-11...-16, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен:-9...-14, Нарын:-13...-18 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 13-январда кар жаабайт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы -12...-14 градус суук болот.