“Менин шайлоочуларымдын кайсы бир бөлүгүн кайрылмандар түзүшөт. Алардын учурдагы абалы, суроо-талабы көз жаздымда калбоосу керек. “Кайрылман” программасынын алкагында ээ болгон укуктарын колдонушканы менен, аларга каралган каражаттык колдоо азыркы инфиляциянын шартында эч нерсеге жетпей калды. Азыр алып жаткан 1750 сомдук жөлөкпул жарыбаган акча. Ошол Тажикстандан кайтып келген этникалык кыргыздардын бир кезде тажик жергесинде иштеген эмгек жылдары эсепке алышыны кажет. Бул жагынан чукул чечүүнү талап кылган маселе күн тартибинде турат”,- деди Жогорку Кеңеш депутаты Камила Талиева 3-ноябрда “Парламент” радиосуна курган маегинде.
Чүй боорунда жайгашып калган кайрылмандардын шарты деле жыргап кеткен жок. Үй-жайы жок. Алган каражаттары жарытымсыз. Дары-дармек менен тамак-ашына жетпеси чын. Ошондуктан, республикалык бюджет каралып жатканда кайрылмандардын жөлөкпулун куру дегенде 6 миңге чейин жогорулатуу демилгесин көтөрдүм. Анткени, алардын каражаттары инфиляцияга туруштук берүүсү керек, - деп белгиледи эл өкүлү.
Ошондой эле Камила Талиева Баткен областындагы соңку окуядан жабыркаган социалдык объектилердин курулушун ноябрь-декабрь айы ичинде толугу менен бүтүрүп, пайдаланууга берүү тапшырмасы колго алынгандыгын да кошумчалады.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү