Бүгүн, 29-мартта Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна сунушталган Төрөбаев Бакыт Эргешевичтин талапкерлигине макулдук берүү маселесин карады.
Талапкер тууралуу Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.
Талкуунун соңунда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна сунушталган Төрөбаев Бакыт Эргешевичтин талапкерлигине макулдук берүү маселесин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү