Исаков Музаффар Ахматходжаевич 1982 жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айылында туулган.
Жалал-Абаддагы Элдердин Достугу университетинен 1999-2005 жылдары билим алып, «Финансы жана кредит» адистигине ээ болгон.
Эмгек жолун 2001 жылы Таш-Булак айылдык жаштар комитетинин төрагасы болуп баштап, Таш-Булак айыл өкмөтүндө инвестиция тартуу адиси, мектеп директору болуп иштеген.
2010-2015 жылдары Таш-Булак айылдык аймагынын башчысы болуп иштеген.
Жергиликтүү кеңешке эки жолу депутат болуп шайланган.
Орус, кыргыз, өзбек тилдеринде эркин сүйлөйт. Үч баланын атасы.