Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда инвестицияларды колдоо жана коргоо демилгеси каралды

13-10-2021 16:37

Жогорку Кеңештин жыйынында «2020-жылдын 29-сентябрында Будапешт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү менен Венгрия Ѳкмѳтүнүн ортосундагы инвестицияларды колдоо жана ѳз ара коргоо жѳнүндѳ макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Берилген маалыматтарга караганда, мындай келишим эки өлкөнүн ортосунда түз инвестициялардын агымынын көбөйүшүнө, инвесторлордун кызыкчылыктарынын корголушуна, ар кандай тобокелчиликтердин азайышына өбөлгө түзөт.

Андан тышкары, «2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү менен Армения Республикасынын Ѳкмѳтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык тѳлѳѳдѳн качуунун алдын алуу жѳнүндѳ макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору да каралды.

Кыргызстан менен Армениянын ортосунда түзүлгөн келишим салыктык мамилелердин жакшырышына жана салыктык жолжоболорду жөнөкөйлөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы