Жогорку Кеңеш сот системасына тиешелүү бир катар конституциялык мыйзам долбоорлорун карады

15-07-2021 18:21

  Бүгүн, 15-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар   сот системасына тиешелүү бир катар   конституциялык мыйзам долбоорлорун  биринчи окуудан карашты.

Атап айтканда: 

-Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору;

- “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору;

-“Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору;

-,   “Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору;

-“Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын долбоору  каралды.

 Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти. 

 Талкуунун жүрүшүндө  депутаттар  соттордун ишмердүүлүгүнүн ачыктыгы боюнча бир катар  маселелерди көтөрүштү. Алсак, депутат  Чыңгыз Макешов  судьяларды тандоодо  ыктыярдуу түрдө детектордон өткөрүүнү сунуштады. Ал  Жогорку соттун төрайымы  Нургүл Бакировадан   “полиграфтан өтүүгө даярсызбы?”- деп сурады. Н. Бакирова  даяр экендигин билдирди.

 Бир катар депутаттар  сунушталып жаткан мыйзам долбоорлорун  колдоого даяр экендиктерин айтышып, сот системасы  жакшыраарына үмүттөнүшкөндөрүн билдиришти. Эл өкүлдөрү ошондой эле   кылмыш, жарандык жана административдик иштерди  кароо мөөнөтүн кыскартуунун зарылдыгына көңүлдү бурушту.

Депутат Экмат Байпакбаев  сотторду тандоонун сот адилеттүүлүгүнүн жогорку сапатын камсыз кылуучу   системасын куруунун зарылдыгын  белгиледи. Ал судьяларды түздөн-түз  шайлоо мүмкүнчүлүгү тууралуу сурады..

Талкуудан соң мыйзам долбоорлору добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кенештин басма сөз кызматы