Жогорку Кеңеш Корумду-Балбай жолунун курулушун талкуулады

14-07-2021 15:30

Бүгүн, 14-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар  “2021-жылдын 3-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Корумду-Балбай участогундагы Ысык-Көл айланма автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоорун биринчи окуудан карашты.

Бул маселе боюнча  Транспорт, архитектура, курулуш жана  коммуникациялар министринин орун басары  Нурланбек  Кайыңбаев баяндама жасады. Анын айтымында,  Корумду-Балбай жолунун узундугу 81 чакырым. Жолдун курулушуна  үч эларалык каржы  уюмдарынан  128 млн. АКШ доллары өлчөмүндө каражат  тартылат. Каржылоонун 35 пайызын  гранттык каражаттар түзөт. Калган каржылык каражат  кредит түрүндө, 23 жылга 1,5 жана 2,5  пайыздык ставка менен берилет.

Талкуунун жүрүшүндө депутат  Бактыбек Турусбеков  долбоор качан аяктаарын сурады. Баяндамачынын айтымында, Корумду-Балбай  жолу 2026-жылы курулуп бүтөт. Депутат  Айсулуу Мамашева  кредиттин пайыздык ставкалары   жогору экендигине көңүлдү бурду. Депутат Улугбек Ормонов  жолдун ар бир чакырымынын курулушунун баасы жогору экенин айтып,  чыгымдарды азайтуунун зарылдыгын белгиледи. Эл өкүлү Бишкек - Корумду жолу менен  Корумду –Балбай жолунун курулушун салыштырып,  экинчи жол кыйла кымбат баада   салынып  жатканына токтолду.  

Депутаттар Рыскелди Момбеков, Тазабек Икрамов да  жолдун курулушу кымбаттыгына жана  2,5 пайыздык кредиттик ставка жогору экендигине  нааразылыгын билдиришти. Депутат Акылбек Кемеловдун суроосуна жооп берип,   Экономика жана каржы министринин орун басары   Мирлан  Байгончоков    гранттар менен кредиттик каражаттардын  берилүү шарттары тууралуу түшүндүрмө  берди. Депутат Экмат Байпакбаев  өкмөттүн  транспорт жана коммуникация тармагындагы  узак мөөнөттүү пландары тууралуу суроо берди. ”Эмне үчүн  улам жаңы келген министр  кредит алып, мамлекеттик карызды көбөйтө берет? Деги иш-аракеттердин кандайдыр бир программасы барбы?”,- деди депутат. Жооп иретинде  Транспорт министринин орун басары  өкмөттүн  акы төлөнүүчү жолдорду  ишке киргизүү боюнча пландары бар экенин, ал жолдор 12 жылда өзүн актаарын билдирди.

Депутат Айнуру Алтыбаева  жолдордун сапаты боюнча маселе көтөрдү. “Жолдорду куруу үчүн алынган  кредиттер төлөнүп жатат, алардын мөөнөтү али бүтө элек, бирок,  кредиттик каражатка салынган жолдор эмитен эле жарыксыз боло баштады”, - деди депутат. Эл өкүлү  жолдорду курган  подрядчиктердин  каржылык жана административдик  жоопкерчилигин кароонун зарылдыгын белгиледи.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору  биринчи окуудан добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы