Жогорку Кеңештин комитети “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР конституциялык мыйзамынын долбоорун карады

13-07-2021 13:34

 Бүгүн, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйналышында депутаттар  “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоору жөнүндө маселени карашты.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси - Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров. Конституциялык  мыйзамдын долбоору  КР Президентин жана  Жогорку Кеңештин депутаттарын  шайлоо  жөнүндөгү мыйзамды 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда  кабыл алынган  КР Конституциясына  шайкеш келтирүүгө багытталган. 90 депутатты  аралаш( паралелдик) система менен шайлоо үчүн жаңы шайлоо системасын  киргизүү сунушталууда. 35 депутат  бир мандаттуу  шайлоо округдарында  мажоритардык система, 55 депутат  бирдиктүү шайлоо округу боюнча  пропорционалдык система боюнча(партиялык тизме менен) шайланат.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова    депутаттыка талапкерлерди  пропорционалдык жана  мажоритардык  системалар боюнча  көрсөтүүнүн эрежелери,  ошондой эле сунушталып жаткан башка  өзгөртүүлөр жөнүндө айтып берди.

  Талкуунун жүрүшүндө  депутат Айнуру Алтыбаева  мажоритардык система - артка жасалган кадам экенин  белгиледи. ”Мыйзамдын долбооруна  Министрлер кабинетинин  тыянагы керек. Анткени,   мажоритардык система  менен шайланган депутатты кайра чакыртып алганда  анын шайлоо округунда  жаңы шайлоо өткөрүү зарылдыгы пайда болот. Депутатты  кайра чакыртып алуу  нормасы КР Конституциясында бар”, - деди депутат. А.Алтыбаева  экинчи окууга  өзүнүн сунуштарын кат жүзүндө берээрин кошумчалады.

 Депутат Улугбек Ормонов, Бактыбек Раимкулов, Бейшеналы Нурдинов  35 бир мандаттуу  шайлоо округдарын  аныктоонун  механизмдери  жөнүндө суроо коюшту. Нуржан Шайлдабекова  шайлоо округдарын түзүүнүн  тартибин түшүндүрүп, бул маселени  чогуу -чараан чечүү  зарылдыгын белгиледи. Депутат Кенжебек  Бокоев  долбоордо аялдар жана жаштар үчүн квота  каралбаганын белгиледи. Ал ошондой эле  бир мандаттуу  округдар боюнча  шайлоочулардын көпчүлүк добушуна ээ болгон  талапкер  чакыртылып алынса, же башка себептерден улам өз милдетин аткара албаса, парламентке  андан кийинки кезекте турган талапкер  келишин сунуштады. Ушундай эле пикирди  депутат Айбек Осмонов да айтты. Депутат Аалы  Карашев  парламентке  добуш берүүгө  катышкан шайлоочулардын  25-30  пайыздан кем эмес  добушуна ээ болгон талапкер келиши керек деген  сунушун киргизди. Депутат Аманкул  Токтомамбетов   мыйзам долбоору  коомчулук тарабынан талкууга алынышы керек деген  пикирин  билдирди.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы