Самаев Урматбек Обозбекович

"Кыргызстан" парламенттик фракциясы

Телефон: 0312 66-13-26

Cамаев Урматбек Обозбекович 1986-жылдын 25-майында Чүй районунун Онбир-Жылга айылында төрөлгөн. 
2004-жылы Чүй районундагы №2-орто мектебин бүтүргөн. 
2004-2012-жылдары Каракол шаарындагы Юридикалык академиянын, Юриспруденция факультетин бүтүргөн.
2006-2007-жылдары Каракол шаарындагы Балдардын жана өспүрүмдөрдүн олимпиялык резерв мектебинде бокс боюнча тренер.
2012-жылдан 2015-жылга чейин Токмок шаардык кеңешинин депутаты.
2016-жылынын январь айынан баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.
“Келечек” жаштар кыймылынын Лидери жана Чүй районунун жана Токмок шаарынын “Көк-Бөрү” федерациясынын Президенти.
Үй бүлөлүү, эки баланын атасы.