Парламентте бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү

08-04-2021 11:40

Бүгүн, 8-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү.

Алсак депутат Жылдыз Мусабекова жазгы айдап-себүү иштери башталганына токтолуп: "Эгемендүүлүк алгандан бери мамлекетте азык-түлүк жетишсиздигинин алдын алуу боюнча атайын программа жок. Мунун кесепетин азыр карапайым калк тартууда. Андыктан Өкмөт алгылыктуу аракет көрүп, абалды жөнгө салышы абзел", - деди.

Ал эми депутат Аалы Карашев: "Өкмөттүн курамын, түзүмүн жан программасын бекиткенибизге үч айдай болду. Бирок өлкөдөгү абал өзгөрбөй, тескерисинче каатчылык күч алууда. Азык-түлүк, күйүүчү май кымбаттап, ал тургай паспорттордун бланкасы да аз экени айтылды. Коронавирустан жабыркагандар азайбай жатат, доллардын куну өсүүдө" - деп, Өкмөттү атайын программа иштеп чыгууга чакырды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы