Конушбаев Тынчтыкбек Кадырбекович

"Кыргызстан" парламенттик фракциясы

Телефон: 0312 63-91-83

1961-жылы 9-сентябрда Чүй областына караштуу Жайыл районунун Суусамыр айылында туулган

Жогорку билимдүү. 1985-жылы Алма-Ата (Казакстан) шаарындагы Алма-Ата технологиялык техникумду “механик” кесипчилигин аяктаган, андан соң 1990-жылы Москвадагы бүткүл союздук тамак аш боюнча сырттан окуу институтунун “экономист” адистигине ээ болгон.

Өзүнүн эмгек жолун 1984-жылы Фрунзе шаарындагы “Коопторгтехника” заводунун аммияктык участкасында механик болуу менен баштаган.

1984-жылдан 1992- жылга чейин Биринчи май дүң-чекене жашылча-жемиш конторасында даярдоочу болуп иштеген.

1992-1999-жылдар аралыгында Шампан-шарап комбинатында сатып өткөрүү бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген, “Кыргызшампан-Комекс” соода үйүнүн биргелешкен ишканасында директорлук кызматты аткарган.

Азыркы учурда “Байтур” корпорациясынын уюштуруучусу жана Президенти болуп эсептелинет.

2015-жылдын 4-октябрында "Кыргызстан" саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, 3 баласы бар.

1982-жылы “Байкал-Амур магистралынын курулушу үчүн” СССРдин медалы менен сыйланган.

2003-жылы Париж шаарында (SPI) Өнөр жай көмөктөшүүсүнүн Ассоциациясынын алтын медалы менен сыйланган.

2004-жылы Париж шаарында (SPI) Өнөр жай көмөктөшүүсүнүн Ассоциациясынын “Напалион” алтын медалы менен сыйланган.

2004-жылы “Кыргызстанда Жылдын тандоосу” номенациясынын жэңүүчүсү;

2005-жылы “Сапат үчүн”  аттуу Европалык гран-при сыйлыгынын жеңүүчүсү (Женева, Швейцария);

2006-жылы  “Эл аралык уюмдардын башкаруу жана өндүрүштөгү   жетишкендиги” үчүн конкурсунун жеңүүчүсү (Лондон, Улуубритания).

2006-жылы “КМШнын кызматташтык жана интеграция 15 жылдыгына” карата уюштурулган мамлекеттер арасындагы көргөзмөнүн мыктысы деп табылган.

2011-жылы Кыргыз Республикасынын  “Данк” медалы менен сыйланган