Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин СДПК фракциясынын билдирүүсү

24-10-2016 08:27

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин СДПК фракциясы 2015-жылы 2-ноябрдагы Коалициялык макулдашуунун негизинде түзүлгөн  парламенттик көпчүлүк коалициясынан чыкканын жана ага ылайык парламенттик көпчүлүк статусунан ажыраганынан улам коалициянын ишмердиги токтогонун билдирет.

Биздин фракция коалицияны түзүү менен ал иштеген бардык мезгил бою теӊ укуктуу жана тең жоопкер өнөктөштүк маанайын арттыруу аракетин көрүп келди. Коалицияны бекемдөөгө аракет кылган Жогорку Кеңештин көптөгөн депутаттарына ыраазыбыз. Алардын жардамы менен өлкөнү өнүктүрүү жана туруктуулукту чыӊдоо үчүн көп нерсени жасоо мүмкүн болгонун билдиргибиз келет.  Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктары жана элибиздин жакшылыгы үчүн компромисстик чечимдерди таап келдик.

Коалицияда карама-каршылыктар мурда эле башталган. Ал баарына белгилүү эле жана ал тууралу көп сөздөр жүрүп келди. Ошентсе да биз коалицияны сактап калууга бүт күчүбүздү үрөдүк. Бирок мурдагы айрым өнөктөрүбүздүн соңку иш-аракеттери СДПК фракциясы келишүү мүмкүн болбогон оор проблемаларын ачып көрсөттү.

Биз акаевдер жана бакиевдер менен жалпы кызыкчылыгы бар жана азыркыга чейин алардын көрсөтмөлөрүн аткарып жатышат деп айтылган адамдар менен бир коалицияда боло албайбыз. Өлкөбүздүн улуттук кызыкчылыктарына каршы тургандар менен да бир коалицияда боло албайбыз. Мунун баары конституциялык реформанын жүрүшүндө ачык-айкын көрүндү.

Мурда айрым өнөктөрүбүздүн мародерлукка катыштыгы жок деп ишенгибиз келген эле. Бирок эми  алардын дарегине эң жаман айыптоолор тууралу айтылып жаткан фактылар менен күбөлөр улам көп чыккан сайын жаңы жагдайлар менен фактылар толук териштирилип бүткүчө алар менен бир коалицияда болбой турууну туура таптык.

СДПК фракциясы Кыргыз Республикасынын депутаттарын жоопкер коалиция түзүүгө, өлкө алдында турган стратегиялык милдеттерди ишке ашыруу боюнча жаратман иштерди улантууга  чакырып, демократия жана Кыргыз Республикасынын эгемендигин бекемдөө  жолунда туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү саясатын бөлүшкөн парламенттеги бардык саясый күчтөр менен кызматташууга даяр экенин билдирет.