Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров БШКнын мүчөсү болуп шайланды

03-09-2020 12:46

Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Шайназаров Тынчтык Урайимович Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө шайланды.

Белгилей кетек, БШК мүчөсү Назарали Арипов буга чейин өз ыктыяры менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Тынчтык Шайназаров чоң ишеним көрсөткөнү үчүн кесиптештерине ыраазычылык билдирүү менен, жакында өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтото турганын билдирди.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы