Депутат Дастанбек Жумабеков:”Өкмөт өкүлдөрү, элге өз маалында так маалымат берип жүргүлө”

03-09-2020 11:47

Депутат  Жанар Акаев өкмөткө, жалпы бийлик бутактарына кайрылып, шайлоого байланыштуу азыр да административдик ресурс колдонулуп жатканына көңүл бурду.”Врачтарды “паспортторду чогултуп, каттоого койгула” деп кыйнап жатабыз.Мага ондогон врачтар келишти.Көптөгөн фактылар катталганына  карабастан,  бир да адам жазаланган жок”- деди депутат.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков   коронавирустун жаңы түрү чыгып, ал жалаң жаш балдарга  жуга  турганы тууралуу ЖМКларга жарыяланган, атүгүл министрликтин өкүлдөрү тарабынан да  айтылган маалыматтар  боюнча  расмий түшүндүрмө  берүүнү суранды.”Өкмөт жыйын өткөрүп, эгер андай коркунучтун бар экендиги чын болсо, кандай даярдыктар көрүлүп жатканы , балдарды кантип сактап калабыз-ушулар тууралуу  маалымат бергиле”-деди депутат.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы