ЖАҢЫЛЫКТАР 16.06.16.


Парламент бүгүнкү, 16-июндагы жыйынын адаттагыдай эле ар кыл маселелер түрмөгү менен баштап, элдин коюп жаткан суроо-талаптарын чечүүнү Өкмөткө жолдошот. Андан тышкары бир катЖАҢЫЛЫКТАР 16.06.16.ар ратификациялык мыйзам долбоорлору каралат. Алардын катарында 3-окууга чыга турган Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоору бар. Бул боюнча  “Бишкек шаарында 2015-жылдын 24-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбооруна көңүл бурулат.  “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” Мыйзамдын долбоору экинчи окууга киргизилет. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2015-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету угулуп,  “Жеткиликтүү турак жай – 2015-2020” программасын ишке ашыруу боюнча Өкмөттүн маалыматы да тааныштырылат.

Жогорку Кеӊештин кечээки жыйынында сот рефорасын жүргүзүү алкагында иштелип чыккан “Мунапыстын негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзам  долбоору экинчи окууда кабыл алынды. Сунуш кылынган мыйзам долбоорунда мунапыс жарыялоонун шарттары менен колдонуу тартиби, кандай кылмыштарга карата мунапыс жарыяланбай турганы тууралуу жол-жоболор катталган. «Кыргызстан бара-бара соттолгон адамдарга карата мунапыс жарыялоо өнөкөтүнөн баш тартышы керек. Өнүккөн өлкөлөр мунапыстан эбак эле баш тарткан. Кылмыш жасаган адамдар кылмышына жараша жазасын тартууга тийиш», - дейт демилгечи депутат Галина Скрипкина. Баш мыйзамга ылайык, баары бир парламентте мунапыс актысын кабыл алуу укугу кала берет. «Ошондон улам, мунапыс жарыялоо шарттары менен колдонуу тартибин ыраатташтыруу аракети жасалууда. Өлкөдө коррупция тамырлашып кеткендиктен, жыл сайын мунапыс жарыялап, соттолгондордун санын кыскартууга аргасызбыз», - дейт эл өкүлү.

                                    СНХ.Г.СКРИПКИНА

Кечээ, Жогорку Кеӊеште «1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын 25 жылдыгына байланыштуу мунапыс тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясы каралды. Алдын-ала маалыматтарга караганда, бул мыйзам кабыл алынып калса, 3374 адамга мунапыс жарыяланат, анын ичинде 11 эрезеге жетелек бала, 10 майып бар. 1267 адам – анчалык оор эмес кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондор, 1862 адам – биринчи жолу анчылык оор эмес кылмыш жасагандар. Ал эми оор жана өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата мунапыс колдонулбайт.Талкуу жүрүшүндө мыйзам долбоорунун ченемдерин дагы бир ирет кылдат карап чыгып, экинчи окуу жүрүшүндө тиешелүү оӊдоолорду киргизүү зарылдыгы белгиленди.Белгилей кетсек, Кыргызстан эгемендик алгандан берки 25 жыл аралыгында 19 мунапыс кабыл алынган.

Апрель окуясы боюнча соттун өкүмү чыкты. Бирок, анын жыйынтыгына нааразы болгондор бар. Андыктан, маселени Жогорку Кеңеш өз көзөмөлдүгүнө алыш керек,- дейт депутат Улукбек Ормонов парламенттин кечээки жыйынында.

                                   СНХ.У.ОРМОНОВ

Санариптик рынокту өнүктүрүү үчүн укуктук база түзүлөт. Бул тууралуу  маселе Жогорку Кенештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында каралган болчу. Бул багытта баяндама жасаган депутат Наталья Никитенконун айтымында, мыйзам долбоору санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасына ылайык иштелип чыккан. Ошонун негизинде санариптик рынокту өнүктүрүү үчүн укуктук база түзүлөт.

                                   СНХ.Н.НИКИТЕНКО

КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун орун басары Айнура Темирбекова радиожыштык менеджментинин так тартиби такталат,- дейт. Радиожыштык мамлекеттик ресурс. Ошого ылайык жыштык тилкелери менен номиналдарын бөлүү жана кайра бөлүштүрүү аукцион, сынактар аркылуу өткөрүлөт,- дейт министрдин орун басары.

                                  СНХ.А.ТЕМИРБЕКОВА

Мамлекеттик тилдеги программалардын нормаларын бөлүштүрүүдө түрдүү тандоолорго жол берилбейт. Болбосо эл көп көрүп, уга турган маалда эфирдин чет элдик программалар менен толтурулуп калуу ыктымалдыгы бар. Негизги максат – 2017-жылдын 1-январынан баштап, 2020-жылдын 1-январына чейинки аралыкта жергиликтүү шартта даярдалган телерадиопродукциялар жалпы көлөмдүн 50%ынан кем болбош керек. Антпесе, кабелдик жана IP – тармактарында ал норма сакталган эмес. Бул жерде тармактык комитеттин төрагасы Садык Шер-Нияз ал эми кыргыз тилиндеги телерадиопрограммалардын көлөмү кандай болооруна кызыкты.

                                  СНХ.С.ШЕР-НИЯЗ

Депутат Рыскелди Момбеков санариптик телекөрсөтүүгө өтүүдө тендер кандай уюштурулгандыгын сурап, бул маселеде эч кандай санариптик тажрыйбасы жок эле Украинанын атынан катышкан тарап, кандайча утуп чыккандыгына таң калды. Ал тургай аргументтүү мисалдарды да келтирип,  бул жерде негизги тендерди өткөргөн тарап “Кыргызтелеком” ишканасы болгон,- дейт депутат.

                                    СНХ.Р.МОМБЕКОВ

                                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 16-июнда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 18-23 метрге жетет. Абанын температурасы:Чүй:22…27, Талас: 20…25, Баткен: 24…29, Ош, Жалал-Абад: 25…30,Ысык-Көл:17…22, Нарын:18…23 градус жылуу болот. Бийик тоолуу райондордогу абанын температурасы  3…8 градуска барабар. Бишкек шаарында бүгүн, 16-июнда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы 24…26 градус жылуу болот.