Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттардын демилгеси менен күндүзгү стационардык борбор ачылды

08-07-2020 15:56

Бүгүн, 8-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу борбор калаадагы Кызыл-Аскер районунда жайгашкан Арал кафесинде уюштурулган күндүзгү стационардык борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Белгилей кетсек, аталган борбор Төрага Дастанбек Жумабековдун демилгесинин негизинде эл өкүлдөрү Канатбек Исаев, Талант Мамытов, Өмүрбек Бакиров, Тазабек Икрамов жана мурдагы депутат Руслан Чойбековдун көмөгү менен ачылды.

Күндүзгү стационардык борбор 50 адамга ылайыкташтырылып, 3 дарыгер, 4 медайым иш алып барат. Андан тышкары, ичинде эки дарыкана ачылган.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы