“Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү

25-06-2020 17:26

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 25-июндагы жыйынында депутаттар “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун биринчи окууда карашты.

Бул мыйзам долбоорунун  максаты колдонуудагы мыйзамдан бланкеттик сунуштарды алып салуу болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын  сунушталган мыйзам долбоорунун милдеттери:

1). “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында кемчиликтерге, коллизияларга жол бербөө;

2). Жеке мүнөздөгү маалыматты колдонууда  инсандын укугун жана эркиндигин коргоо;

3). Жеке мүнөздөгү маалымат менен иштөөнүн  шарттарын аныктоо.

Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңеш ошондой эле “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу”,  “Кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлешин чектөө жөнүндөгү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карап, добуш берүүгө жөнөттү.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы